"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Кинематография департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Министрлер Кабинетинин чечими менен Талантбек Төлөбеков Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтом менен кабыл алынды.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына министр Мирбек Мамбеталиев жана анын орун басары Марат Тагаев тааныштырды.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган кызмат ордунда Улан Адамалиев иш алып барган. Ал өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган.