— Бегалы мырза, сиздин режиссер катары алгачкы тарткан “Жылкычы чымчык” тасмаңыз “чү” дегенде эле беш-алты эл аралык сыйлыктарга татыктуу болду. Менимче, кыргыз киносунун тарыхында мындай триумф, жеңиш буга чейин болбосо керек.
— Ырас айтасыз. Былтыр биз тасманы толук тартып бүтүп анын 2 саат 20 мүнөттүк вариантын монтаждаган элек. Кийин аны 1 саат 58 мүнөттүк кылып кыскарттык. Бирок, бул кыскарткан варианты менин купулума толбой калгандыктан биринчи өзүм жасаган вариантында калтырдык. Өткөн жылдын 15-декабрында “Ала-Тоо” кинотеатрында бет ачарын өткөрдүк. Анан дүйнөлүк кино фестивалдарга катыша баштадык. Ар бир өлкөдө кино тармагына байланышкан экиден-үчтөн фестивалдар бар. Бизде дале Бишкек эл аралык кино фестивалы бар. Жакында 2-фестиваль өткөнү турат. Мындан башка “Үмүт”, “Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү”, “Бир дүйнө Кыргызстан” деген беш-алты кинофестивалдар бар. Ал фестивалдардын ар биринин өз тематикасы бар. Бирөөлөр аялдар көйгөйү боюнча, бирөөлөр социалдык темадагы, дагы бири экология боюнча тартылган тасмалар боюнча фестиваль өткөрөбүз деп, чакыруу баракчаларын жөнөтөт. Биз алардын арасынан эл аралык макамга ээ фестивалдарга катышууну туура көрдүк. Эл аралык фестивалдарга катышардан мурда мен бир жолу тасманы жабык көрсөттүм. Ага жакын санаалаштарымды, дос-туугандарымды, курсташтарымды чакырдым. Баары бир ооздон мактап киришти. Ошондо тасманы эч ким тааныбаган алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүш керек деген ойго келдим. Анын үстүнө ал фестивалдардын калыстар тобунда дүйнөгө таанымал профессионал киноишмерлер болот. Ар бир фестивалга беш жүздөн миңге чейин тасмалар катышат. Атаандаштык күчтүү болот. Ошол миңге жакын кинофильмдердин ичинен адегенде 5-10 чактысын тандап алып, экинчи чечүүчү сынакка катыштырат. Эң жакшы жери ал фестивалдар калыс, адилет өтөт. Биздегидей ата-бала, таяке-жээн, өң тааныштык дегендер болбойт. Ошол 5-10 тасманын ичинен бирөөсүнө негизги чоң байгени беришет. Чоң электен, сыноодон өтөт. Адегенде мен тарткан фильм электен өтөбү, жокпу, белгилүү кино ишмерлердин сынына толобу, же толбойбу деген ойдо болдум. Менин киномдогу темаларга, багыттарга адистешкен эл аралык фестивалдарга катыша баштадым. Азыр жакшы болуп калды, мурда англис тилинен которо албай кыйнала берчүбүз. Азыр англисче тексти көчүрүп алып туруп эле “котормо” дегенди бассаң дароо которуп бере коет. Фестиваль качан түзүлгөн, директору ким, калыстардын курамында кандай белгилүү кино ишмерлер бардыгын айтып берет.
— Сиз киного “түндүктөн түшүп” келген жоксузбу? Кантип режиссер болуп калдыңыз?
— Мен борбор шаардагы мурдагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы, азыркы Жусуп Баласагын атындагы университетти бүткөндөн кийин 1983-жылдан 1993-жылдар аралыгында 10 жылдай “Кыргызфильм” киностудиясында белгилүү кинорежиссерслер Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев сыяктуу биздин кинонун дөө-шаалары менен иштешип калдым. Ассистент, режиссердун жардамчысы, администратор, картинанын директорунун орун басары, директор болуп иштеп, кинонун кандай тартыларын ичинен көрүп билип, аңдадым. Мен алардын практикалык мектебинен өттүм десем болот. Бул мен үчүн чоң мектеп болду. Ал кезде “Кыргызфильм” бизди “Мосфильм”, “Ленфильм”, “Эстонфильм”ге 3-6 айлык окууга жөнөтүп турчу. Ошол окууларга барганда мен чыныгы киноискусство эмне экенин түшүндүм. Азыркы жаштар бир кызыктуу окуяны шөкөттөп тартса эле ошону кино деп ойлошот. Мен да бир кезде ушундай жаңылыш ойдо болчумун. Көрсө, кино деген таптакыр башка нерсе экен. Кинодо бир ойду айта турган, идеясы бар көркөм тасма болуш керек. Кинонун түпкү стандарттары таптакыр башка.
— Чакырган өлкөлөргө өз учурунда кечикпей баруу, виза маселеси кандай чечилип жатат?
— Мен дүйнөнүн 77 өлкөсүндө саякатта болдум. Мурда виза алуу жеңил болчу. Мына бул орус-украин согушуна, санкцияларга байланыштуубу, же башка дагы бир себептери барбы билбейм, азыр виза алуу аябай эле кыйындап кетти. Азыр документтерди кабыл алат экен да, кайра эле болбой калды деп артка кайтара берет экен. Визага кезек алуу да кыйын болуп калыптыр. Мурда Америкага бир ай, кала берсе он беш күндө кезек алган учурлар болот эле. Мен Америкага 6-7 жолу барып келдим. Азыр 6 айда араң кезекке жетесиң. А биз баруучу фестиваль бир айдан кийин болот. Ошентип, Американын 2-3 фестивалына катыша албай калып кеттик. Барбай калсак да сыйлыктары келип жатат. Албетте, барбай калган кишиге башкы сыйлыктарды бербейт. Чет өлкөлөрдө сыйлык тапшыруу аземин өзүнчө эле чоң шаан-шөкөт, шоу кылып өткөрүшөт. Аны бирөөгө салтанаттуу түрдө тапшырыш керек. А барбай калган адамга башка кызыктыруучу сыйлыктар берилип калат. Мисалы, Америкага барбасам дагы мага Гавайиден “эң мыкты режиссердук дебют” деген сыйлык берип жиберишти. Канадада өткөн кадыр-барктуу Торонто фестивалында “толук метраждуу көркөм тасмалардын ичинен эң мыкты режиссердук дебют” деген сыйлыкка татыктуу болдук. Испаниядан кароодон өттүңүз деген чакыруу келди. Будапешттен сыйлык беришти.
— Франциянын Ницца шаарында өткөн фестивалга барып катышып келдиңиз. Фестивалдан алган таасирлер тууралуу айтсаңыз?
— Франциядагы аялдар темасына байланышкан кинофестивалга чакыруу алып, катыштык. Анткени, биздин тасманын өзөгүн аялдар көйгөйү ээлеп турат. Тасманы көргөн көптөгөн көрүүчүлөр “эмне үчүн бир эле тасмада ушунча көп теманы чагылдырууга аракет кылдыңыз? Сиздин тасмада Кыргызстандагы көйгөйлөрдүн бардыгы бар” деген суроолорду көп беришет. Алгачкы “Жылкычы чымчык” тасмамда бир жаш кыздын тагдыры аркылуу эгемендикке ээ болгон акыркы отуз жылдын ичинде биздин коомдо болгон бардык окуяларды камтып, ачып бергенге аракет жасадым. Тилекке каршы, чакырган жерлердин бардыгына бара албай калдык. Биз Францияга гана виза алганга үлгүрүп, Ниццадагы эл аралык фестивалга катыштык. Биздин Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти жакшы жардам берди. Болбосо дагы виза ала албай калмакпыз. Алар Швейцариянын элчилигине чыгышты. Францияга визаны Швейцариянын элчилиги берет экен. А Швейцария аябай катуу текшерип, көзөмөл жасайт. Ницца Жер Ортолук деңиздин жээгиндеги аябай кооз шаар. Парижге эки күн жетпей калдык. Бирок, Париж эң мыкты фильм деген сыйлыгын берди. Ниццадагы фестивалга үч күн катыштык. Күн сайын улам жаңы тасмаларды кароого коюп жатышты. Карасам, Жапония, Америка, Ирландия, Англия, Бразилия, Африкадан келген келген “биз баары бир жеңебиз” дегендей жаш курактары 35-40тын тегерегиндеги амбициясы өтө күчтүү, жигердүү жаш режиссерлер жүрүшөт. Чынымды айтсам алардын түрүн көрүп чочуладым. Менин жашым алтымышта болсо, булардын чыгармачылыгы гүлдөп, өздөрү кайнап турган куракта болсо деп менин духум түшүп калды. Алардын “ойду омкором, тоону томкором” деген убагы. Биздин кинону көрсөткөндөн кийин бир америкалык режиссер жаныбызга келип “тасманын автору силерсиңерби? Эң сонун тасма. Башкы сыйлыкты силер жеңип аласыңар” деп колубузду кысып, куттуктап калды. Жанымда Кыргыз эл артисти Жамила Сыдыкбаева анан Афиза бар. Таанышсак голливудда отуз жылдан бери иштеген режиссер экен. Өзү Индиядан бир документалдык тасма тартып конкурска катышып жатыптыр. Анан Англиялык бир продюссер актриса досу менен келип куттуктап, биздин кинону аябай макташты. Сынактын жыйынтыгы али чыга элек. Жамийла Сыдыкбаева эже актриса болордон мурда университеттин чет тилдер факультетинде англис тили боюнча билим алган экен. Алардын сөзүн шакылдатып эле которуп берип жатты. Оңуп эле калбадыкпы. Болбосо котормочу жалдап жүрмөкпүз. Анан түшүп калган духубуз кайра көтөрүлүп калды. Акыркы жыйынтыктоочу күнү 15-майда барып залда күтүп олтурабыз. Сыйлыктардын баары четинен эле берилип жатат. Кашайып бизге эч нерсе жок. Кайрадан ындыныбыз өчө түштү. Биринчи кином болсо деп чынымды айтсам биз эң башкы сыйлыктан дегеле үмүт кылган эмеспиз. Экинчи, үчүнчү даражадагы сыйлыктарга илинип калсак деле жакшы болот деп ойлодум. Мен “чет тилде тартылгаан эң мыкты тасма” деген сыйлыктан үмүт этип турганмын. Бирок, ал сыйлыкка да илинбей калдык. “Эң мыкты оператордук иш” деген сыйлык бар. Аны алсак деле болор дедик. Бирок, аны бир француз алып кетти. “Эң мыкты актриса” деген сыйлыкты бир англичанка утуп алды. Мостоюп эле турабыз. “Чет тилдеги эң мыкты тасма” деген сыйлыкты жапондор утуп алышты. Биз ошондон үмүт кылып турган элек. Баары эле сыйлык алып жатышат. Бизге гана эч нерсе жок. Сыйлап жаткан конверттери деле жок калды. Шаабайыбыз эми чындап сууду. Жамийла эже “сен барып калыстар тобуна бир нерсе деп айтпайсыңбы. Ушунча алыс жерден жөн эле убара болуп келип кете беребизби. Кыргызстанга кантип барабыз уялбай. Барып айт” деп мени жемелейт. “Бизге сыйлык бергиле деп кантип айтмак элем. Сыйлык албай калгандар жалгыз эле биз эмеспиз го. Башка элдер деле унчукпай олтурушпайбы” деп тырышып болбойм. “Башкысы жеңиш эмес, башкысы биздин катышканыбыз” деп бара беребиз эже деп коем. Алар сыйлык тапшыруу аземин атайылап созушат экен. Ортодо шампан таратышат, тамашалап сүйлөшөт. Эки сааттан ашып, салтанат бүтөйүн деп калды. Эң акырында алып баруучу “эми эң башкы сыйлык калды” деп жар салды. Залдын ичи тымтырс боло түштү. Мен “бул сыйлыкты деле дагы бирөө алып кетет болуш керек. Бүттү, биздин иш куржун болду” деп биротоло үмүт үзүп калдым. Капысынан эле англисче “Жылкычы чымчык” эң мыкты фильм” деп жар салып калды. Бизди кубаттап олтургандар бакырып, кол чаап жиберишти. Уккан кулагыбызга, көргөн көзүбүзгө ишенбей толкунданып турдук. Аябай сүйүндүм. Салтанат менен сыйлык тапшырышты. Фестивалга келген бардык катышуучулар башкы байгени жеңип алган режиссер менен сүрөткө түшө турган салты бар экен . Анан бардыгы келип биз менен сүрөткө түшүштү. Мындай эл аралык кинофестивалдардын бир жакшы жери кино ишмерлер, актер, актрисалар бири-бири менен жакындан таанышат. Продюссерлор режиссерлорду, режиссерлор продюссерлорду издеп, пикир алышып, телефондорун алмашат. Ал жакта жүрсөк Лондонго, Болгарияга чакыруу кагаздар келди. Тилекке каршы Лондонго бара албай калдык. Бирок, “көрүүчүлөрдүн жакшы көрүүсүнө арзыган” деген сыйлыгын берип жиберишти. Жакында эле Грециянын Гимолос деген аралынан чакыруу келди. Азыр документтерди даярдап чуркап жүрөбүз. Грецияга 24-июнда барышыбыз керек. Мындан сырткары Комбоджодан да чакыруу келди. Ал жактагы фестиваль 27-июндан 2-июлга чейин болот экен. Эгер Грецияга барсак анда Комбоджага үлгүрбөй калабыз. Азыр виза алыш тозоктун иши болуп калыптыр. Кезектин көптүгүнөн элчиликке кире албайсың.
— Бегалы мырза мына дал ушул күндөрү ордо калаабыз Бишкекте II-эл аралык кинофестиваль өтүп жатат. Сиздер бул фестивалга катыштыңыздарбы?
— Бул эл аралык кинофестиваль былтыр биринчи жолу өткөн. Аябай жакшы өткөн. Быйылкы фестивалда бир аз өзгөрүүлөр болуп кетиптир. Былтыр эл аралык анан улуттук кинолордун фестивалы деп эки бөлүктө өткөрүлгөн болчу. Ал эми быйыл негедир эл аралык, Борбор Азиялык фильмдердин фестивалы деп атап коюшуптур. Улуттук дегенди алып салышыптыр. Менимче, бул туура эмес. Президентибиз Садыр Жапаров баш болуп улуттук кинону өнүктүрүш үчүн аракет кылып, каражат бөлүп берип жатат. Быйылкы фестиалдын баш байгесине бюджеттен 1 миллион сом каралды. Андыктан улуттук кинолорду сөзсүз калтырыш керек болчу. Ал эми Борбор Азия мамлекеттерин эл аралык топко киргизген туура болмок. Алар көз карандысыз өз алдынча өлкөлөр. Экинчиси, “Жылкычы чымчык” тасмасы беш-алты эл аралык сыйлыктарды утуп алганына карабастан бизди Борбор Азиялык тасмалардын катарына кошуп коюшуптур. Тилекке каршы бул фестивалда кыргызчылык, өң тааныштык көбүрөөк болуп жатат. Кала берсе калыстар тобуна кирген чет өлкөлүк кино ишмерлер да биздеги айрым киночулардын тааныштары болуп чыгып жатат. Мунун баары башкы сыйлыкты өз жакындарына, тааныштарына, балдарына алып берүүнүн жан алакети. Мындай болбош керек. Фестиваль чет өлкөлөрдөгүдөй калыс, адилет өтүш керек. Антпесек, башка элдерге уят болуп калабыз.
— Келечекте кандай тасмаларды тартайын деген оюңуз бар?
— Азыр жазылып бүтөйүн деп калган эки сценарийим бар. Бирөөсү токсонунчу жылдардагы көз карандасыздык алуу учурундагы кыргыз коомунда болгон окуялар. Экинчиси биздин курактагы адамдардын балалык чагын чагылдырган тасма болмокчу. Мен саясатын да,бизнесин да көрдүм. Акырында бала кездеги кыялыма кайтып келдим.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ