2025-жылдын 6–8-ноябрында Түндүк Кипрде Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Анкара коомдук илимдер университети биргелешип уюштурган V «Манас» форуму болуп өттү. Иш-чара “Аймактык жана глобалдык өнүгүүлөрдүн алкагында Түрк дүйнөсү” темасынын алкагында уюштурулду.
Форумдун ачылыш аземи Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенттик комплексинде өтүп, ага ТКТРнын Президенти Туфан Эрхүрман, Түркиянын Лефкошадагы элчиси Али Мурат Башчери, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, КТМУнун жана Анкара коомдук илимдер университетинин жетекчилери, окумуштуулар жана студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Евразиянын геосаясий мааниси, түрк мамлекеттеринин кызматташуусу, аймактык коопсуздук жана маданий интеграция маселелери талкууланды. Катышуучулар түрк дүйнөсүндө биримдикти чыңдоо жана академиялык байланыштарды кеңейтүү боюнча бир катар сунуштарды киргизишти.
Форумдун жүрүшүндө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Анкара коомдук илимдер университетинин ректору, профессор Муса Казым Арыжанды КТМУнун «30 жылдык кызмат медалы» менен сыйлады.


