"Эркин-Тоо"

Кир жууган каражаттарды мыйзамсыз чыгарган, сактаган жай табылды 

Бишкек шаарындагы басмаканалардын биринде узак убакыттан бери кутулар, этикеткалар, кир жууган жана башка каражаттар тымызын чыгарылып келгени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК кечээ, 13-февралда басмаканага тинтүү жүргүзүп, «Миф», «Тайд», «Ариэль» маркасындагы жасалма айналарды, Fairy маркасындагы жасалма кир жууган каражаттарды табышкан.

Андан тышкары жер астындагы цехке конвейер орнотуп, «Фея» идиш жууган каражатын зыяндуу, жасалма жол менен өндүрүп, базарларга, дүкөндөргө сатып келишкени такталган.

Жалпысынан 42 миң 731 даана кир жууган каражат, 8 таңгак этикетка, 10 миң идиш жууган каражат табылган.

Контрафакталык товарлардын сапаты коопсуздук стандарттарына жооп бербесин, анткени ден соолукка коркунуч туудурушу мүмкүн болгон материалдарды колдонуу менен чыгарылганы айтылган маалыматта.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!