"Эркин-Тоо"

Кирпич, цемент кымбаттап жатат

Бул тууралуу Улуттук статистика комитети  билдирди. Үстүбүздөгү жылдын апрель айына карата цементке болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 50 кг үчүн 306,67 сомду түзүп, өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу дээрлик 9 пайызга өскөн.  Ал эми кирпичтин баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу  1000 даана  үчүн 7 262,69 сомду түзүп, 14 пайызга өскөн. Цементке болгон баанын өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу эң жогору Кара-Балта шаарында — 22,2 пайызга жана Покровка айылында — 21,7 пайызга өсүшү катталды, ал эми кирпичке болгон баалар Исфана — 30,8 пайызга жана Бишкек  шаарларында — 21,9 пайызга өстү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!