"Эркин-Тоо"

КИТЕП ЖЕТИШСИЗДИГИ КӨЙГӨЙ ЖАРАТУУДА

Кыргызстанда мектептердин көбүндө окуучулардын санынын көптүгүнөн окуу китептери жетишсиз. Бул маселе жыл сайын айтылып келет. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда бардык мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат талап кылынарын айтты. Мекеменин сайтына чыккан маалыматка ылайык, орто эсеп менен бир окуучуга 10 китеп керек жана бир китептин баасы 300-350 сомду түзөт. Жыйынтыгында өлкөдөгү 2 млн 447 миң 717 окуучуну китеп менен камсыздоо үчүн 5 млрд сомдон ашык акча талап кылынат. Быйыл 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгып, сентябрь айынан тарта мектептерге жеткириле баштаган. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 10 эсеге көтөрүлгөн. Бирок ошондой болсо да айыл жериндеги мектептерде дагы деле китеп тартыш экенин ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар кулак кагыш кылышууда.

Окуу китептеринин жетишсиздиги жыл сайын чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн бири. Аталган маселе окуучулардын билим алуусуна тоскоолдуктарды жаратууда.

Тарых, геометрия, адам жана коом, информатика окуу китептери бизде саналуу гана. Биз өзүбүз 3 класспыз (8а, 8б, 8в). Ар бир класска көп болсо 3 же 4төн тиет. Ошондой эле ал китептер эски. Кээ бир беттери жыртылган, а кээ бир малыматтар такыр эле жок. 6-7-класста окуп жатканда дагы ошондой эле. Кезек-кезеги менен алып окуганга аракет кылабыз. Бирок 3-4 китеп 35-36 окуучунун кайсыл бирине жетсин? Же маалыматтын баарын танаписте жазып алганга да жетише албайсың да”-  дейт 9-класста окуган Далер Авезов.

Лейлек районундагы “Билим нуру” орто мектебинин кызмткери Иззатай Рахманова мектептердеги китеп жетишсиздиги көп көйгөй жаратат дейт. Ал: “Биздин мектепте көбүнчө тажик улутундагы окуучулар окуйт. Азыр 6-7-8-9-класстарда кыргыз тили жана адабияты китептери жетишсиз. Бул болсо окуулардын биринчиден, кыргыз тилин үйрөнүүсүнө, экинчиден, алардын билим деңгээлине залакасын тийгизүүдө. Олимпиадага катышуу үчүн дагы китептер биринчи ролду ойнойт. Ошондуктан китептерди окуучулар өздөрү сатып алышы керек. Бирок дагы бир маселе — көп балалуу үй-бүлөлөрдө ата-эне бардык балдарына китеп сатып алууга чамасы жетпейт. Ошол себептен аларга жеңилдиктерди карап, окуу китептерин мамлекеттик деңгээлде колго алыш керек”, — дейт.

Баткен облусунун Андарак айылынын тургуну Назиранын төрт баласы мектепке барат. Ал айыл жергесинде китеп жетишсиздиги жыл сайын көйгөй жаратаарын айтат. Ал китептин саны менен кошо мазмунуна, сапатына да көңүл бурушса деген пикирин билдирди.

“Азыркы китептердин сапаты аябай начар. Бир кармасаң эле жиптери сөгүлүп, бири-биринен ажырап кетет. Китептердин көбү эски. Айылда жашайбыз. Төрт балам бар. 11-класс, 8-класс, 5-класс жана 3-класста окушат. Мектептеги китептердин саны аз болгондугуна байланыштуу сатып алганга туура келет. Бирок, бир китеп 250-300 сомдон, бул баа шартка туура келе бербейт. Айыл жергесинде жашаган ар бир ата-энеге, айрыкча көп балалуу үй-бүлөгө кымбатка турат. Алып бербейин десең балаң билимсиз калат. Айтор, баштагыдай бири-бирине бере турган сапаттуу китептер чыкпай калды. Китептердин сапаты жыл сайын начарлоодо”.

“Билим нуру” мектебинин тарых мугалими Рустам Джапаров:

“Тарых китептери 7-8-класстарда дээрлик жок. 9-10-11-класстагы балдардын 30%ында гана бар. Мындай учурда алар теманы толук түшүнө албай, толук маалымат ала албайт. Бир эле мугалимдин айткандары, жаздыргандары менен чектелип калышат. Бул болсо окууулардын тарыхты билүүсүнө тоскоолдук жаратат. Анын үстүнө тарых сабагы аптада бир жолу гана болот.”

Аталган мектепттин окутуучусу Обидова Мубинанын пикиринде, мектеп балдарды китеп менен толук кандуу камсыздай албаса, жок дегенде электрондук вариантын сайттарга киргизип койсо болот. Балдар ал жерден ПДФ-форматында көчүрүп алып окуй берет. Ошондой эле бул нерсе мугалимге да пайдалуу болот.

Кошумчалай кетсек,  министрликтин айтымы боюнча быйыл жаңы окуу жылына карата окуу методикалык комплекстерди даярдоого жана сатып алууга республикалык бюджеттен 152 миллион сом бөлүнгөн. Азыркы уурда 36 882 920 сомго 136 320 нуска басылып чыккан. Алардын басымдуу бөлүгү 7-8-класстын окуучуларына арналган. Ошондой эле сентябрдын ортосунда “Алиппе” китебин басып чыгаруу пландалып жатат. Алдыда дагы миллиондон ашык китеп даярдалууда.

Мехрафуз НАБИЕВА

Кыргыз-Түрк “Манас”

университетинин

4-курсунун студенти

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!