«Китепкөй Ала-Тоо» аттуу флешмоб өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, «Ала -Тоо» аянтында «Келечек» мамлекеттик жаштар платформасынын алкагында: «Китепкөй Ала-Тоо» аттуу флешмоб уюштурулду. Флешмобго Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү да катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар, шаардын тургундарына жана конокторуна китеп адамдын жашоосунда кандай маанилүү роль ойноору тууралуу кеңири маалымат беришти, ошондой эле китеп сүйүүчүлөр бири-бири менен китеп алмашуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Иш- чарага катышкан акын Бердибек Жамгырчиев улуу акындардын, өзүнүн калемине таандык бир нече ырларын жаштарга окуп берип, жаштарды китепти көп окууга, кыргыздын улуттук каада-салт, нарк-насилин баалай билүүгө үндөдү.
Белгилей кетсек, аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен, “Кыргызстандагы элди окутуу” ассоциациялык уюму уюштуруп, өткөрүп жатат.