"Эркин-Тоо"

Класска күчүк алып келген окуучунун мугалими коомчулуктан кечирим сурады — ВИДЕО

Социалдык тармактарда класска күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалимдин коомчулуктан кечирим сураган видеосу тарады.

Анын айтымында, ал эмоцияга алдырып, баланы тартипке чакыруу максатында урушкан.

«Мындай көрунүштөр көп эле болуп келген. Ошондуктан баланы тартипке чакыруу максатында жакшы эле ойдо урушкам. Эмоцияга алдырганым үчүн коомчулуктан кечирим сурайм», — деген ал. Бала мугалимдин кечирим сураганын укканы же укпаганы белгисиз.

Эскерте кетсек, 13-июлда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ч.Айтматов атындагы №5 мектеп-гимназиянын 4-классынын окуучусу класска күчүк алып келгени үчун аны класс жетекчиси катуу тилдеген. Бул жаңжал тартылган видео социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар арасында сынга кабылган. Алар мугалимдин педагогикалык жүрүм-турумун сынга алышкан. Алар балага кырдаалды туура түшүндүрүп, ага жаратылышка, жаныбарларга болгон сүйүү сыяктуу баалуулуктарды сиңирүүнүн ордуна, этикага жатпаган жана агрессивдүү жүрүм-турумдарды көрсөтүп жатканына нааразы болушкан.

Окуя массалык маалымат каражаттарында кеңири тараган. Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги окуя боюнча мектеп директоруна жана соцпедагогго эскертүү, видеотасмага жана окуучуга орой мамиле жасагандыгы үчүн мугалимге катуу сөгүш берилгенин жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!