"Эркин-Тоо"

Клиникалык оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Клиникалык ооруканада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.
«Эми поликлиника жана кардиология бөлүмдөрү толугу менен жаңыланып, ишке берилди.
Реанимация, лаборатория, тамак-аш, кир жуугуч бөлүмдөр да жаңыртылды. Суу, электр, жылуулук, канализация системалары жана эшик-терезелер алмаштырылды. Заманбап жабдуулар коюлуп, дарыгерлерге жакшы шарттар түзүлдү.
Бейтаптарга УЗИ, томография, рентген, гастроскопия сыяктуу кызматтар көрсөтүлүүдө. Электрондук каттоо, төлөм системалары иштеп жатат. Айлыктар көтөрүлүп, жаңы адистер ишке алынды.
Бул иштер Президент Садыр Жапаровдун саламаттыкты сактоого көрсөткөн колдоосунун негизинде аткарылды», – деп билдирди Дайырбек Орунбеков.