Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратында КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форуму ачылды.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, ошондой эле чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү катышууда.
Чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын форуму КМШ өлкөлөрүндө жыл сайын өткөрүлүүчү эң ири гуманитардык иш-чара болуп саналат. Иш-чара 11-13-сентябрь күндөрү өтөт, ага катышуу үчүн шериктештик өлкөлөрүнөн 200дөн ашуун өкүл келди.
Борбордук панелдик талкуу 2023-жылдын башкы темасы болгон улуттар аралык байланыш каражаты катары орус тили жылына арналмакчы.