4-августтан 13-августка чейин Беларуссияда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Кыргызстан медалдык эсепте 7-орунду ээледи.
Кыргызстан жалпы 27 медаль жеңди. Анын ичинен 1 алтын, 8 күмүш жана 18 коло.
Оюндарда биринчи орунду Орусия ээлеп, 288 медаль утту. Анын 149у алтын, 89у күмүш жана 50ү коло .
Экинчи орунга жалпы 236 медаль менен Беларуссия ээ болду. Анын 48и алтын, 78и күмүш жана 110 коло.
Ал эми үчүнчү орунду 106 медаль менен Өзбекстан ээледи. Анын 28и алтын, 25и күмүш, 53ү коло медаль.
Белгилей кетсек, оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышты
Аталган мелдештерде 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынады.