Борбордук шайлоо комиссиясында өткөн брифингде КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы, КМШнын башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоосу ачык, атаандаштыкка бай жана улуттук мыйзамдарга толук шайкеш өткөнүн билдирди.
Анын айтымында, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу маалымат коомчулукка ыкчам жеткирилип, басма сөз жыйындары жана маектер үзгүлтүксүз уюштурулуп турду. Петришенко журналисттерге миссиянын ишин кеңири чагылдырып турганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары эл аралык таанылган демократиялык стандарттарга жооп берип, эркин жана адилет шайлоо үчүн тийиштүү укуктук база түзүлгөнүн белгиледи.
Петришенконун маалыматы боюнча, шайлоону БШК, 30 райондук жана 2619 участкалык шайлоо комиссиялары, анын ичинде 27 аралыктан добуш берүү пункттары жана 100 чет өлкөдөгү шайлоо тилкелери уюштурган. Узак мөөнөттүү мониторингдин алкагында байкоочулар өлкөнүн бир катар аймактарындагы шайлоо комиссияларынын ишине жеринен баа беришкен.
Байкоочулардын баамында, шайлоо комиссиялары кесипкөйлүгүн көрсөтүп, шайлоо тилкелери толук жабдылган. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо мыйзамга ылайык жүргүзүлүп, 90 депутаттык орун үчүн 460 талапкер күч сынашты. Миссия өкүлдөрү бул кампанияда плюрализм жана атаандаштык камсыздалганын белгилешти.
30-ноябрда добуш берүү күнү байкоочулар 600дөн ашык шайлоо тилкесине барып, чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнү да көзөмөлдөштү. Алардын айтымында, тилкелер өз убагында ачылып, добуш берүү мамлекеттик гимн менен башталып, тынч жана уюшкандыктуу атмосферада өттү. Алгачкы жолу бардык шайлоо тилкелеринде видеобайкоо колдонулуп, шайлоочулар дистанциялык добуш берүүнү, анын ичинде соода борборлорунда жайгашкан пункттар аркылуу да активдүү пайдаланышкан.
Петришенконун айтуусунда, добуштарды эсептөө конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлүп, байкалган техникалык мүчүлүштүктөр комиссиялар тарабынан дароо жоюлган. Миссия шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди.
Жыйынтыгында миссия башчысы Кыргызстандагы шайлоо ачык, адилеттүү жана демократиялык талаптарга ылайык өткөнүн баса белгиледи.

