Жогорку Кеңешинин депутаттарын кезексиз шайлоону көзөмөлдөө үчүн Кыргызстанга келген КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Эл аралык байкоочулар миссиясынын сапарынын алкагында борбор калаадагы Жеңиш мемориалында гүл коюу аземи өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков катышып, муниципалитеттин атынан КМШ ПАА делегациясынын мүчөлөрүнө жылуу кабыл алуу көрсөттү. Ал өз сөзүндө демократиялык институттарды бекемдөөдө, парламентаризмди өнүктүрүүдө жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылууда эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.
Азем учурунда Миссиянын өкүлдөрү, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин депутаттары жана сенаторлору Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерип, алардын эрдиктерине таазим кылышты.
Бишкек мэриясы иш-чаранын уюштуруучуларына эл аралык мамилелерди чыңдоого жана тарыхый эстеликтерге болгон урмат-сый традициясын сактоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

