"Эркин-Тоо"

КМШ фестивалында кыргызстандык мугалим 2-орунга ээ болду

Чүй облусунун И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Медведева Марина Витальевна “Мугалим” номинациясында II даражадагы диплом менен сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан келген катышууучулар өздөрүнүн автордук методикасын жана сабактын планын көрсөтүштү.  Жеңүүчүлөр сырттан жана кадимки катышуу баскычтарынын жыйынтыгы боюнча аныкталды.

Сыйлоо КМШга мүчө-мамлекеттердин Билим берүү тармагындагы кызматташтык кеңеши тарабынан өткөрүлүп жаткан “Заманбап билим берүү системасы – келечекке көз чаптыруу” II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын алкагында өттү. КМШга мүчө-мамлекеттердин билим берүү министрлеринин конференциясынын чечими менен съезддер эки жылда бир өткөрүлөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!