Кыргызстандык мушкер Эрбол Баратахунов Азербайжандагы III КМШ оюндарынын бокс боюнча финалында күмүш медаль жеңди.
Финалга чейин мушкер азербайжандык Ибрахим Бэдэллини 3:2, андан кийин беларусь спортчусу Михаил Мельниченкону 5:0 эсебинде уткан. Ал эми чечүүчү беттеште Баратахунов өзбекстандык Бехрузжон Рахаталиевге 0:5 эсебинде жеңилди.
Үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрында башталган III КМШ оюндары 8-октябрда жыйынтыкталат. Ага 13 өлкөдөн келген 1624 спортчу катышууда.