"Эркин-Тоо"
№12 2023-жылдын 17-февралы

КМШ уюму өнүгүү жолунан жазбайт

Шаршемби күнү Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине Төрагалык кылуусу жөнүндө маалымат жыйыны болуп өттү.

Анда министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө КМШнын аймактык уюм катары артыкчылыктарына жана эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуунун жоболорунун жеңилдиктери, визасыз режим, окуу жайларга кабыл алуунун жеткиликтүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Төрагалыгынын концепциясы бекитилип, алдыдагы приоритеттүү багыттар аныкталган.

КМШда үстүбүздөгү жылды “Орус тилин улуттар аралык баарлашуу тили” катары жарыялоо чечими кабыл алынган. Анын алкагында кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жана орус тилин анын чыгармаларын изилдөө аркылуу кеңири жайылтууга пландалган тематикалык иш-чаралар белгиленген. Улуу жазуучунун чыгармаларынын басымдуу бөлүгү дал ушул орус тилинде жазылып, андан кийин кыргыз тилине жана башка тилдерге которулган.

Кыргыз Республикасынын Төрагалыгынын алкагында сексенден ашык иш-чара мерчемделген. Анын онго жакыны биздин республиканын аймагында өтөт. Негизги маселе катары экология көйгөйү көтөрүлүп, кеңири талкууланат. Кыргызстандын бул идеясын башка өнөктөш мамлекеттер да колдогон.

“КМШ түзүлгөн отуз жылдан ашык убакыттын ичинде бул уюм тууралуу ар кандай сөздөр болгон. Бирок, ага карабай уюм өнүгүү жолунан жазбай, барган сайын байланыштар бекемделүүдө. Али күнчө СССР мезгилинен калган байланыш уланып, мамлекеттер ортосунда визасыз режим иштеп жатат. Ошондой эле эркин соода аймагы катары каалаган продукциябызды алып чыгып сата алабыз. Кыскасы бул уюмга мүчө мамлекеттер уюмдун артыкчылыгын гана көрүшүүдө. Ар кандай саясий келишпестиктерге карабастан, эч бир мамлекет бул уюмдун мүчөлүгүнөн чыгууну каалабайт. Анткени, ар бир мамлекеттин өзүнө тиешелүү кызыкчылыктары бар. Ошондуктан Кыргызстан бул тенденцияны сактоого аракет кылат”, – деди Асеин Исаев.

Шериктештик түзүлгөн мезгилден тартып Кыргыз Республикасы уюмдун алкагындагы соодаэкономикалык байланыштарды кеңейтүүнү, жалпы гуманитардык мейкиндикти өнүктүрүүнү жана коопсуздук жана укуктук тартип тармактарында өз ара аракеттенүүнү колдоп келген. Алдыда да КМШнын алкагындагы интеграциялык процесстерге басым жасайт.

Кыргыз Республикасынын Төрагалыгынын негизги артыкчылыктуу максаты – өз ара түшүнүшүү, ишеним жана ынак коңшулук принциптерди бекемдөө.

КМШга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу конструктивдүү кызматташтыкты андан ары өнүктүрүп, иштин натыйжалуулугун көрсөтүү. Кыргыз Республикасынын КМШдагы Төрагалыгынын айрым артыкчылыктарын белгилеген Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук тармактарга жана аскердик кызматташтыкка кеңири токтолду. КМШнын жогорку жана тармактык органдарынын ишчаралары өтөөрү белгилүү болду. Бишкек шаарында 12-октябрда Тышкы иштер министрлер Кеңешинин, 13-октябрда Мамлекет башчылар Кеңешинин жана 27-октябрда Өкмөт башчылар Кеңешинин отурумдарында кыргыз тараптын Төрагалыгынын жыйынтыгы чыгарылат.

Жылдыз ДЫЙКАНОВА
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы