"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

КМТУда эл аралык IT форуму болуп өттү

2025-жылдын 4-декабрында Исхак Раззаков атындагы КМТУда Эл аралык IT-Форум 2025 жана FabLab Бишкек менен университеттин инновациялык прототиптер көргөзмөсү өттү.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, университеттердин, IT-компаниялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана жаш инженерлер катышты.

Форумдун ачылышында КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемел Садыков, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ким Квангдже, SIFO уюмунун президенти Ли Сон Джу жана FabLab Бишкектин директору Джу Сон Джонг сөз сүйлөдү. Иш-чара санариптик технологияларды өнүктүрүү жана инновацияларды өнөр жай менен билим берүү тармагына киргизүү темасындагы докладдар менен улантылды.

Automestellsta компаниясынын башкы директору Ли Кан-сон «Жасалма интеллект жана жаңы санариптик технологиялар» темасында доклад жасап, ЖИ өндүрүштү санариптештирүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.

Экинчи докладды Бишкек Экологиялык Фондунун директору Динара Черикова сунуштап, FabLab Бишкектин студенттерди, мугалимдерди жана инженерлерди бириктирген маанилүү технологиялык хабга айланганын белгиледи.
«Ар бир демилге өлкөнүн санариптик өндүрүшүн өнүктүрүүгө реалдуу салым кошууда», — деди ал.

Форумдун маанилүү бөлүгү — панелдик дискуссия болуп, анда ЖИ технологияларын өнөр жайда, билим берүүдө жана коомдук тармактарда колдонуу, университеттердин жана стартаптардын экосистемадагы ролу, эл аралык кызматташтык жана жаштарды колдоо маселелери талкууланды. Талкууга Асылбек Жунусов, Гульнара Кабаева, Тынымбек кызы Нурзат жана Ли Вон Сон сыяктуу адистер катышты.

Форум менен катар FabLab Bishkek Makerthon 2025 сынагы өтүп, жаш инженерлер жана командалар өз долбоорлорун калыстардын алдында коргошту. Финалда бир катар эмгектер көрсөтүлдү, алардын ичинде:

— жер титирөөнү аныктоочу сенсор,

— акылдуу кыймыл-аракет аркылуу тил которгучу,

— EduSphere билим берүү платформасы,

— санариптик мурастар,

— акылдуу экологиялык стикерлер,

— Guard Eye өрттү аныктоочу система,

— өрт өчүрчү робот,

— LightPath — көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн навигатор.

Жыйынтыгында 1-орунга 1 000 доллар, 2-орунга 700 доллар, 3-орунга 500 доллар ыйгарылды. Мындан тышкары OZONIX долбоору FabLab Бишкек бизнес-инкубация программасынын жеңүүчүсү болуп, 5 000 доллар грантка ээ болду.