"Эркин-Тоо"

 “KNU InnoFest-2024” II Стартап фестивалы болуп өттү

Кыргыз Улуттук университетинде Инвестиция департаменти тарабынан уюштурулган “KNU InnoFest-2024” II Стартап фестивалы болуп өттү.

2024-жылдын 22-ноябрында Башкы имараттын фойесинде  стартап идеялардын жарманкеси уюштурулуп, анда командалар өз долбоорлорун стенддерде көрсөтүштү.  Стартап идеялар кол өнөрчүлүккө, сайттарды  иштеп чыгуу, маркетингдеги жаңы сунуштар сыяктуу тапшырмаларга байланыштуу болгон.

Башкы байгени «Ар түрдүү технологиялардагы сайма» долбоору, 40 000 сом, Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасы утуп алды.

1-орун – “Көз айнек” долбоору – 30 000 сом, Биология факультети, жетекчиси – Мырзабекова У.Д., команда мүчөлөрү: Төрөбеков Н., Абдылдаева Ж., Ш  Максутова утуп алышты.

2-орун – “Электродинамика” долбоору – 20 000 сом, Экономика жана экономика факультеттери, жетекчиси – Халикова А.А. , команданын курамы: Сыдыгалиев Б., Караев С., Кан К.

3-орун эки долбоорго берилди