"Эркин-Тоо"

Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланды

11-майда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептин 6-7-8-класстарынын окуучулары өздөрүн жаман сезип, «Тез жардам» кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Учурда 26 бала ооруканага түшүп, 20дай окуучу дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө чыгарылганын Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборунун башкы дарыгери Айжамила Мамасадыкова ырастады.

«11-майда жалпы 42 окуучу ооруканага түшкөн. Алардын бешөө орто оор абалда болгон. Учурда 26 бала ооруканага калтырылды. Үйүнө чыккандар да дарыгерлердин көзөмөлүндө. Азырынча белгисиз заттан ууланышканы айтылып жатат», — дейт Айжамила Мамасадыкова

Милиция алдын ала иликтөө иштерин жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!