"Эркин-Тоо"

Кочкор районунун аймагындагы жардыруу иштери 2 айга созулат

Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 40-43-чакырым аралыктарында 5-март күнү жардыруу иштери башталган. Мындан улам Кочкор районунун аймагында жаңы курулуп жаткан темир жолунун Кубакы ашуусунун бурулушуна чейинки бөлүгү 5-майга чейин жабылат. Жардыруу иштери дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү, саат таңкы 8.00дөн 17.30га чейин уланат.