Нарын облусунун Кочкор айылында жаңы автобекеттин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 394 миллион сомду түзөт.
Белгилей кетсек, жаңы эки кабаттуу автобекеттин жалпы аянты 14 миң 469 чарчы метр.