2023-жылдын 16-августунда УКМК кызматкерине кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн 125 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берүү учурунда Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын башчысы С.М.Т. жана Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары М.К.С. кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынан турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган. Ошол эле күнү кармалгандар Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.