"Эркин-Тоо"

Кочкордо кыска мөөнөттүү он бала бакча ачылды

 Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда кыска мөөнөттүү он бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери 16-апрелде ачылган.

Жалпы облус боюнча кыска мөөнөттүү дагы 69 бакча түзүлөт. Алардын райондор боюнча бөлүштүрүлүшү:
• Жумгал району – 10;
• Кочкор району – 20;
• Нарын району – 24;
• Ат-Башы району – 18;
• Ак-Талаа району – 6;
• Нарын шаары – 1.

Эске салсак, кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!