Кочкор районунда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-октябрда Кочкор — Арал автожолунда белгисиз унаа Балыкчы шаарынын тургуну 1981-жылы туулган А. М. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Натыйжада жөө жүргүнчү жол кырсыгынан алган жаракатынан улам Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган.
Кочкор райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан из жашырып кеткен айдоочу Кочкор районунун тургуну 1970-жылы туулган Ш. М. аттуу жаран «Субару-Легаси» унаасы менен кармалып, андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.