"Эркин-Тоо"

Кочкордогу үй-бүлөнү канга чылагандар качан кармалат?

Сыздатуунун сыры ачылса….

Үстүбүздөгү жылдын 6-январынан 7сине оогон түнү Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында жүрөк титиреткен кандуу окуя уккандардын үшүн алып, ар бир жандын оор үшкүрүгүнө айланды. Жаңырган жылдагы жагымсыз кабар алеки саатта Кара Кочкордун шамалы менен эл арасына желдей тез тарап, алтургай бүтүндөй өлкөгө “дүң болду”. Кылмышкерлердин чабуулуна тушуккан бул үй-бүлөнүн кожоюну, 77 жашка чыккан Сарматов Кайырбек аксакал бизге кайрылганынан улам, карыянын датын угуп көрдүк.

“Көркоо” кылмышкерлер дыкат даярдыкта киришкен

— 6-январь күнү Кайырбек аксакал жаңырган жылды жакшы тилектер менен баштап, куда сөөк, бир тууган, жакындарынан ондогон меймандарды сый тамакка чакырат. Коноктордун биринчи бөлүгү кечки саат 16:00 чамасында узатылса, экинчи бөлүгү түнкү саат 23:00 убактысында кетишет. Меймандар кеткен соң үй-бүлө мүчөлөрү түнкү саат 1лер чамасында жатууга кам урушат. Дал ушул ыңгайды күтүп турушкан кылмышкерлер, бул убакта астыртан даярдалган арам ойлорун ишке ашырууга киришишкен. Алгач 2 кабат үйдүн кире беришинде орнотулган электр тогун автоматтан өчүрүп, андан соң үй ичине телефондун жарыгы менен (милициянын айтымында) киришкен. 2-кабатта уктап жатышкан Кайырбек аксакалдын неберелери жаткан бөлмөнү сыртынан бекитишип, андан соң карыянын 48 жаштагы уулу Чыңгыз Сарматов менен анын жубайы Аида Жумалиеваны уктап жаткан жеринен тургузбастан, атайын ала келишкен арматура менен кайра-кайра башка-көзгө чапкылоого өтүшкөн. Бул убакта Аида Жумалиева “эшектер, эмне кылып жатасыңар?” – деп айтууга үлгүргөн. Качан гана экөө эстен тана жыгылган соң, каракчылар дал ошол бөлмөдө жайгашкан акча салынуучу сейфти көтөрүп чыгып кетишкен. Кылмышкерлердин катуу соккусунан бир кыйкырганга үлгүргөн Аида Жумалиеванын үнүн коңшу бөлмөдө жаткан келини Айзат угуп, жанында жатышкан неберелерди ойготуп, кирип барышкан. Бул убакта Айзаттын кайнатасы Чыңгыз менен кайненеси Аида эчак канга боелуп, эс учунан тана чала жан абалында кансырап жатышкан.

Алгачкы жардамды айылдык медайым көрсөткөн

— Жети түндө кайсалап, кыйсыпыр түшкөн бул үй-бүлөгө алгачкылардан жардамга айылдык медайым келген. Анын көмөгү менен район борбору Кочкордон тез жардам чакыртылып, ага удаа милицияга кабар берилет. Райборбордогу оорукананын дарыгерлери жабыркагандарды алгач Кочкордогу ооруканага жаткызышат. Аймактык дарыгерлер экөөнүн тең абалдары чынында оор экенин көрүшкөн соң, бир күндөн кийин Бишкек шаарына алып кетүүнү сунушташат. Баш калаадан атайын чакырылган тез жардам менен эртеси бейтаптарды Бишкекке алып келишип, 8-январь күнү Чыңгыз Сарматов, 13-январь күнү Аида Жумалиева баштарынан оор операция болушат. Операциядан соң Чыңгыз Сарматов бирөөнүн кароосунда болсо, анын жубайы Аида Жумалиева ушул убакка чейин комадан чыкпай, жакындары сары-санаа болуп турган убагы.

Милиция кызматкерлери күнү-түнү иш алып барышууда

— Кырсык катталгандан тарта милиция кызматкерлери күнү-түнү каракчылардын сары изине түшүшүп, колдон келген аракеттерин кылып жатышканын Кайырбек аксакал да танбайт. Ушул тапта бир үй-бүлөнүн гана эмес, уккан жандын жакасын карматкан кылмыштуу окуянын бетин ачыш үчүн Кочкор РИИБден гана эмес, Нарын ОИИББ менен Бишкек ШИИББ, алтургай министрликтин борбордук аппаратынан да тажрыйбалуу, кылмышкерлерге кыргыйдай тийишкен из кубарлар тартылышканы маалым болууда. Баарынан кызыгы, уурдалган сейфти “эки аяктуу” адам сымал кылмышкерлер Кайырбек аксакалдын огородунун башындагы туугандарынын биринин короосуна кирип ачышып, акчаны кымырып кетишсе, өздөрү менен кошо ала жүргөн арматура жана атайын идишке куюлган бензинди Кайырбек аксакалдын огородунун аягына таштап кетишкен. Талкаланган сейф жана башка “куралдарга” ушул убакта милиция кызматкерлери тарабынан атайын экспертиза, тергөө үчүн талап кылынган керектүү иш амалдар көрүлгөн. Кандуу каракчылыктын бетин ачуу боюнча  10 күнгө жакын убакыттан бери милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү издөө амалдары күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатканы маалым болду. Ал эми айрым маалымат каражаттарына бул окуя кыскача чагылдырылганы менен керектүү маалымат кийинчерээк берилерин Нарын ОИИББнан билдиришкен.

“Кылмышкерлер табылып, оор жаза алышын талап кылам”

— Карыялык доорунда кайгыга баткан Кайырбек аксакал күч органдарынын тынымсыз аракеттеринен натыйжа чыкпай жатканын оор үшкүрүнүү менен айтып берди. Аксакал бул ишти мындан ары Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Максат Асаналиев өз көзөмөлдөрүнө алып, аягына чыгарып берсе деген  өтүнүчүн айтты. Укук коргоо органдарынын башчыларынан келин-уулун кансыратып, чала жан абалга алып келген айбандарды тез арада таптыртып, катуу жазага кириптер кылбаса, мындай көркоолор кармалбастан эркиндикте жүрүшсө, эртеңки күнү адал эмгеги менен баар тапкан дагы бир карапайым үй-бүлөнү сыздатат деген ойдо. Ошондуктан гезит аркылуу көкүрөгүндөгү күйүтүн бөлүшүп, күч органдарынын башчыларынан бул ишке көңүл бурууну өтүнөт. Материал жарык көрсө, жогоруда аттары аталган жетекчилер менен тиешелүү кызматкерлер бул окуяга кайдыгер карашпаса керек. Карыянын өзгөчө кайрылуусу Өлкө башчысы Садыр Жапаровго экенин, 2021-жылы Садыр Нургожоевич Президенттик жарышка аттанганда Кочкордон дал ушул Кайырбек аксакал элдин атынан бата бергенин билдирди. Ошондой эле жалпы эл-журттан, кылмышкерлердин шектүүлүгү билинсе, акырын өзүнө же укук коргоо органдарына айтып коюшун көптөн-көп өтүнөт.

                                                                                                                               Калыгул Бейшекеев

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!