Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 56 млн 67 миң сомду түзгөн жабдуулар агенттиктин “Өнүктүрүү кызматташтыгы аркылуу COVID-19га туруктуулукту жогорулатуу” ABC программасынын алкагында берилген.
KOICA менен КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы бул кызматташуу Корея өкмөтүнүн COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө өнөктөш өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган “Ишенимдүүлүктү бекемдөө” стратегиясынын алкагында ишке ашырылган.

