"Эркин-Тоо"

КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА АТАМБАЕВ 11 ЖЫЛ 6 АЙГА КЕСИЛДИ

“Чубактын кунундай чубалып” келе жаткан Кой-Таш окуясы боюнча 3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өкүм чыкты. Атап айтсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 6 айга кесилди. Ага катар мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылып, үй-мүлкү мамлекетке чегерилмей болду. Ошондой эле Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга жана экс-депутат Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиевге 5 жыл 6 ай чегерилди.

Ал эми Канат Сагымбаев, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышты. Ал эми жемкорлук тууралуу айыптар боюнча мурдагы вице-премьер-министр, эл аралык издөө жарыяланган Аскарбек Шадиевге 15 жыл 6 ай берилди. Анын да мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилери белгиленди. Калган айыпталуучуларга «мөөнөтү өттү» деген негизде жаза чегерилген жок.

Кой-Таш окуясы боюнча соттун өкүмү коомчулукта түрдүү талкууларды жаратып, ар тараптуу пикирлер айтылды. Көпчүлүк чечимди колдосо, айрымдары жаза оор болду деген ойлорун ортого салышты. Президент Садыр Жапаров дагы бул иш боюнча «Кабар» агенттигине пикирин билдирип, соттун чечимине кийлигишпөө керектигин белгиледи.

“Кандай чечим болсо да, соттун чечимдерине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек. Мен дайыма “соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келем. “Чыгарган чечими мыйзамдуу эмес десеңер, жогорку инстанцияларга кайрылгыла, акыркы чекитти Жогорку сот койсун” деп келем. Акыркы убактарда баарыңар эле күбө болуп келе жатпайсыңарбы, актап жатышат, мисалы, кемпир-абадчылар үй камагына чыгарылып, пробация берип коюп жатышат. Демек, сот процессинде баары аныкталып, анан соттор ошондой чечим чыгарганга туура келип жатса керек деп, соттордун чечимдерине кийлигишкен жокпуз жана мындан ары да кийлигишпейбиз” деди Президент.

Ошондой эле Мамлекет башчысы соттун чечимин эч ким өзгөртө албастыгын кошумчалап, эгер Атамбаев арыз менен кайрылса, мунапыс бере тургандыгын белгиледи. Албетте, көндүм адатка айлангандай Атамбаевдин тарапташтары тизгинди саясатка буруп, 15 жылдан бери тынымсыз сайрап келгендей соттун чечимин Бакиевге байлашты. Тагыраак айтсак, Атамбаевдин баласы Кадыр Атамбаев: “Бул чечимди мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланат” деп жиберди. Буга дагы Өлкө жетекчиси Садыр Жапаров пикирин билдирип, Бакиевди алып келүүгө кызыкдар эмес экенин кесе айтты.

“Бакиевди алып келүүгө чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. 2010-жылдан бери “Бакиевди алып келели десек, Беларусь тарап бербей жатат” деп элди алдап келишпеди беле. Ушул калптары элге ачыкталып калды. Биз сурасак, “макул берели, бирок ачык сот кылгыла” дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп атышат. Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз – жаш баланын сөзү. Кудай күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин. Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду” деди.

Албетте, коомчулукта боор ооругандай таасир жаратып, бир топ жыл убакыт өткөндүгүнө байланыштуу жеңил жаза берилсе дурус болмок дегендер чыкты. Ачыгын айтып коюшубуз керек, жеңил жаза бергенге мүмкүн эмес болчу. Анткени, аталган окуяда «Альфа» атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза таап, Чүй ОИИБдин башчысы Самат Курманкулов майып болгон. Ондогон жарандар менен күч кызматкерлеринин ичинен 52 адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган. Буга күнөөлүүлөр сөзсүз жооп бериши керек.

Маселен, окуя болгон күнү Алмазбек Атамбаев курал жалгыз өзүндө болгонун айтып: “Мен бирөө менин үйүмө келсе каршылык көрсөтөм, керек болсо атам деп бир-эки айдан бери айтып келе жатам. Менин сыйлыкка берилген куралым, тапанча, винтовкам бар. Бул жерде курал менде гана. Мен үчүнчү кабатта отуруп, өзүм туруштук берип жаттым. Аны да силерге бирөө түртпөсүн. Карапайым элде колунда балким таш болду, бирок бирөөндө да ачакей (рогатка) да болгон жок” деген. Демек, соттун өкүмү туура чыкты. Колу менен кылганды мойну менен тартып, Атамбаев чет өлкөдөгү дарылануудан келери менен жазасын өтөшү керек.

Ал арада Атамбаевдин жазага тартылчу дагы толгон-токой иштери бар экени айтылып, баарына укуктук жаза чегерилишин талап кылышууда. Маселен, 2010-жылдагы кандуу төңкөрүштөгү ондогон жаш балдар шейит кеткен окуяга Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экени Бекболот Талгарбеков баштаган саясатчылар тарабынан тынымсыз айтылып келе жатат, бул бир. Экинчиси, 2010-жылдагы Ош окуясында жүздөгөн мекендештерибиз шейит кеткен, анда Атамбаев күч структурасынын куратору катары эч кандай чара көрбөгөндүгү үчүн жазага тартылган эмес. Окуя болгон мүнөттөрдөн тартып 10 күн бою эл алдына чыкпай, жок болуп кеткен. Үчүнчүсү, Дача-СУдагы кырсык бүгүнкү күнгө чейин тыкыр иликтенбеген бойдон турат. Учакта Атамбаевдин жүгү болгон деген сөздөргө чекит коюла элек. Төртүнчүсү, «600 долларлык кычкач» деген ат менен белгилүү болгон ЖЭБди реконструкциялоо ишинде 385 млн доллардын 111 млн доллары уурдалганы айтылган, ал мамлекетке кайтарыла элек. Үрөй учурган ал жемкорлук өкүм сүргөн маалда Атамбаев президент болуп турган, миллиондогон доллар уурдалганын билбей калмак эмес. Бешинчиси, Тарых музейиндеги ири коррупция. Алтынчысы, «Кыргызгазды» бир долларга сатканы чыккынчылык болгон. Ошондой эле 5 млрд долларлык алтындын запасы бар Жер-Үй кенин 1 пайыз акциясы жок сатып жибергени да кыянаттыкка барабар иш экени чындык. Жетинчиси, Батукаевдин иши. Ага укуктук жаза чегерилгени менен Атамбаев мөөнөтүн толук өтөп бүтө элек.

Ошолордун ичинен Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыкты. Бул чечим – ондогон жылдардан бери кыргыздын жон терисинен сыйрып жыйнаган мүлктөрдүн бир бөлүгүн кайтарууга шарт түздү. Ары-бери созбостон Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайы баш болгон элдин байлыгын тез арада кайтаруу зарыл. Акыркы мезгилдерде мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттин далай мүлктөрү кайтарылууда, бирок менчиктештирүүнүн анабашында турган Атамбаевдин энчисиндеги «Автомаш» ишканасы кайтарыла элек. Ал дагы иликтенип, чукул арада мамлекетке чегерилиши кажет. 2016-жылы Өмүрбек Текебаев басма сөз жыйынында “Алмазбек Атамбаев Жазуучулар союзунан өөнөгөн 50 миллион рублге ондогон гектар жерлерди, “Автомаш” заводун менчиктештирип алганына далилдер бар экенин» айткан. Экс-президент Аскар Акаев дагы маек берип, Чыңгыз Айтматовдун өтүнүчү менен Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 млн рублди Атамбаев өзүнө ыйгарып алганын билдирген. Мына ошол иштерди тыкыр иликтей турган маал келди. Элге чыккынчылык кылгандардын жазасы берилиши шарт.

Зулпукаар САПАНОВ