Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында дарыяга агып кеткен аялдын сөөгү табылды. ӨКМдин маалыматына ылайык, куткаруучулар төрт күндөн бери үзгүлтүксүз издөө иштерин жүргүзүп, бүгүн 69 куткаруучунун катышуусунда маркумдун денесин суудан чыгарылды.
Эске салсак, 27-сентябрда 1997-жылы туулган К.А. аттуу аял дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшүп, издөө иштери башталган.