Мындан 25 жыл мурда дүйнөгө белгилүү Coca-Cola концерни Бишкекте өзүнүн өкүлчүлүгүн ачкан. Бул мезгил аралыгында «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАК Кыргызстандагы эң алдыңкы компаниялардын катарына кошулду.
Учурда компанияда 300дөн ашык кызматкерлер эмгектенишет. Ал эми дистрибьюторлор кызматында 600дөн ашык кыргызстандыктар иш менен камсыздалышкан. Республика боюнча 17 миңден ашык соода борборлору иштеп жатат. Завод 2006-жылдан бери ири түркиялык Coca-Cola Icecek компаниясынын башкаруусунда турат.
Кыргызстандын алдыңкы 50 ири компаниясынын катарында турган компаниянын заводу жыл сайын кеңейүүдө. Мисалы, жакында эле 10 млн. долларга салынган ири кампасы ачылды.
«Кока-Кола Бишкек Боттлерс»тен өндүрүлгөн суусундуктар ар бир үйдө бар десек жаңылышпайбыз. Бишкек шаарындагы бир эле «Фрунзе» гипермаркетинен кардарлар бир күндө 11000ге жакын кока-кола, фанта, спрайт же фьюс-ти суусундуктарын сатып алышат. Ал эми жөнөкөй дүкөндө күнүнө 50 дөн ашык суусундуктар сатылат.