"Эркин-Тоо"

Кокулов: Гүлзат Мамытбек эки жашар баланын операциясына деген 5 миң долларын алып качып кеткен

Блогер Гүлзат Мамытбек эки жашар баланын операциясына деген 5 миң долларды алып качып кеткен. Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. «Менин сөзүм Гүлзат Мамытбек тууралуу. Бул баягы элдерди алдап кеткен кыз. Азыр ар кайсы рекламаларды берип жүрөт. Бул кыз жөнүндө мен журналисттик иликтөө кылгам. 2020-жылы жүрөгүнөн операция боло турган эки жашар баланын 5 миң долларын көбөйтүп берем деп алып, качып кеткен. Эки пенсионер адамдын батирге деп чогултуп жүргөн акчасын алып, Москвага качып кеткен. Ошол кыз кечээ соттон бошотулуп, азыр кайра концерт коюп, бийлеп, ойноп жүрөт. Эмне Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы?», — деди Кокулов.

Белгилей кетсек, 25-майда Гүлзат Мамытбек 3 жылга пробациялык мөөнөткө ( үй камагы) кесилгендиги кабарланган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!