"Эркин-Тоо"
Дүйнө Дүйнө дүбүртү Жаңылыктар

Кол менен жасалган жер астындагы дарыяга 2700 жыл

Дарыялар жер үстүндө гана эмес, жер астында да агып турат. Кыргызстандагыдай бардык мамлекеттерде суу кеңири эмес. Атап айтсак, перстер миңдеген жылдар бою суунун тартыштыгында жашап келишет. Фермопилде гректер Ксеркстин аскерлери менен өз эркиндиги үчүн күрөшкөндө, перстер (азыркы ирандыктардын ата-бабалары) ошондо эле алардын урпактарынын жашоосуна бүгүнкү күнгө чейин кызмат көрсөтүп келаткан өнүккөн цивилизация болгонун далилдеп кетишкен. Азыркы Ирандын Гонабад шаарына жакын жерде чымчык учкандай эле бийиктиктен кызыктай бир таң калыштуу тешиктер көрүнүп турат.

Бул имарат дээрлик 3 000 (үч миң) жыл мурда курулган. Ал перстер менен гректердин ортосундагы жогоруда айтылган согушка чейин, болжол менен үч жүз жыл башта курулганы айтылып келет. Мындай структуралык түзүлүштүн түрү “кяриз” же “qanat” деп аталат.  Бул ошол кездеги эң мыкты ойлоп табуулардын бири болуп эсептелинет! Кол менен жасалган бул техногендик системалар жер астындагы горизонттордон суу чогултуп, шаарларга жана ирригациялык каналдарга суу жеткирүүгө жөндөмдүү. Бул технологиянын негизинде Персия кургак климатка карабай жашылданып, мыкты өнүгүүгө жетишкен.

Гонабад кяризинин узундугу 33 километр, 113 метрди түзөт. Анда жер астындагы өткөргүчтөр менен туташтырылган 427 суу кудуктары бар. Курулуштар физиканын, геологиянын жана гидравликанын мыйзамдарынын негизинде кол менен курулган. Бул албетте, ошол кездеги перс цивилизациясынын өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин ырастайт. Гонабад кяризи 2007-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Бул курулуштун башкы устасы – «кяризген усто» бир нече жардамчылары менен чогуу иштеген. Кудуктар жана жер астындагы галереялар эң жөнөкөй шаймандар менен жасалган. Маселен: керки, күрөк, топурак түшүүдөн коргоочу тактай, чырак, баш кийим, булгаары баштык, усталарды түшүрүү жана көтөрүп чыгаруу  үчүн – жыгач дарбаза, топурак каптар, кошумча шаймандар. Кяриз системалары усталардын бүтүндөй  муундары тарабынан курулуп, тейленип турган.

Кяриздер өздөрүнүн бекемдиги жана масштабынын, көлөмүнүн чоңдугу менен бүгүн да дүйнө элин таң калтырат. Коне Мурча жер астындагы галереянын бийиктиги 4 метрге, туурасы 2 метрге жетет. Дурун кяриздери узундугу менен таң калтырат. Байыркы убакта алар тоо этектеринен тартып, чөл менен чектеш жерде жайгашкан Шехрислам шаарына чейин ондогон километрге созулган. Ал бышкан кирпичтен жасалган суу арыкчалары аркылуу шаар калкын суу менен азыктандырып келген.

Бир кяриз көптөгөн элге кызмат кылган. Мындан 120 жылдан ашык убакыт мурдараак Дурун кяриздери Хунтуш жана Айнабаттын 95тен 143 акционерлеринин участогун, ал эми Коне Мурча кяризи кургак тоо этектериндеги 53 чарбаны суу менен камсыздап келген. Кяриз ишинин усталарынын ысымдары азыр да элдин эсинде. Атап айтсак, Жанабат кяризи мындан 160 жыл мурда Эрназар «кяризген усто»  жана анын жардамчыларынын колу менен курулган.

Гонабад дренаж – суу тутум системасы мындан 2700 жыл мурда курулганына карабастан азыркы күнгө чейин иштеп жаткандыгы таң калычтуу. Бүгүнкү күндө ал 40 000ге жакын адамды сырткы энергия булактарын колдонбой эле суу менен камсыз кылып келүүдө. Бирок байыркы перстер ушуну менен эле токтоп калбастан, азыркыга чейин электр жарыгы жок иштеген капиталдык курулуш объектилери үчүн климатты көзөмөлдөө системаларын ойлоп табышканы да реалдуу чындык.

Даярдаган Бахпурбек Аленов