"Эркин-Тоо"

КОЛЛЕКЦИЯЛЫК МОНЕТАЛАРДЫ ИНВЕСТИЦИЯ КАТАРЫ КОЛДОНУУГА БОЛОТ

1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын бардык аймагында расмий төлөм каражаты болгон улуттук валюта – сом жүгүртүүгө киргизилген. Өзүнүн улуттук валютасын жүгүртүүгө чыгаруу чечими өлкөнүн өз алдынча экономикалык саясаты жана Улуттук банктын көз карандысыз акча-кредит саясатын жүргүзүүнүн башаты болуп калган. Бул тарыхый чечим туура кабыл алынгандыгын турмуш өзү ырастоодо. Мына ушул Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата КРнын Улуттук банкы 2023-жылдын 20-апрелинде нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча аукцион өткөрдү. Бул аукциондо коллекционерлерге жана эксклюзивдик баалуулуктарды сүйүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 30 жылдык тарыхында чыгарылган Кыргызстандын сейрек коллекциялык монеталарын жана нумизматикалык баалуулуктарын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү берилди. Ошондой эле аукционго бардык жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алышты. Аларга күрөө койбостон катышууга мүмкүнчүлүк берилди. Аукциондун катышуучуларына сатуусу аяктаган алтын, күмүш жана жез-никель коллекциялык монеталары, анын ичинде коллекционерлер жана нумизматтар арасында чоң суроо талапка ээ Улуттук банк тарабынан 1995-жылы чыгарылган “Манас” эпосуна 1000 жыл” алгачкы алтын коллекциялык монетасы, улуттук валютанын жүгүртүү монеталар топтому сунушталды. Өткөн жумада болуп өткөн мына ушул аукциондун жүрүшүнө күбө болуу менен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып аукционду өткөрүү комиссиясынын мүчөсү, Улуттук банктын нак акча башкармасынын начальниги М.К.Ашыралиеваны да кепке тартканга үлгүрдүк.

— Медина Кемеловна, коллекциялык монеталарды сатуу боюнча бүгүнкү өткөрүлүп жаткан аукциондун маанисине токтоло кетсеңиз.

— Бул аукцион улуттук валюта – кыргыз сомунун киргизилишинин 30 жылдыгына карата өткөрүлдү. Азыркы учурда нумизматтар рыногунда биздин коллекциялык монеталарга болгон суроо-талаптар өсүүдө. Буга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылып жаткан нумизматикалык монеталардын сапаты, б.а. көркөмдүк деңгээли жогору экендиги бүгүнкү болуп өткөн аукциондун ийгиликтүү өтүшүнө себеп болгондугун ачык айтсак болот. Аукционго жалпысынан 30 лоттон турган 80 коллекциялык монеталар коюлган болчу. Өзүңүздөр күбө болгондой, аукционго коюлган ар бир монета жогорку атаандаштык менен өтүп жатты.

— Кыргызстанда чыгарылып жаткан мына ушул нумизматикалык монеталарды чыгаруу тарыхына кыскача токтоло кетсеңиз.

— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алгачкы нумизматикалык монеталары 1995-жылы чыгарылып, Кыргызстандын нумизматика рыногунун түптөлүшүнө жол салган. Республикада нумизматика рыногу белгилүү бир өнүгүү баскычынан өтүп, өлкө чегинен тышкары чыгуу менен өнүгө баштаган. Тажрыйба көрсөткөндөй, нумизматика рыногу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жалпы стратегиясына ылайык план чегинде, комплекстүү ыкмада ишке ашырылган шартта, аны кыйла натыйжалуу жана тез өнүктүрүүгө жетишүүгө болот. Улуттук банк бир жагынан нумизматикалык монеталарды даярдап чыгарат, экинчи жагынан аны сатууну жүзөгө ашырып келүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эстелик монеталарын өнүктүрүүдө Улуттук банк сыяктуу эле аларды сатып алуучулар да чечүүчү ролду ойноп жатат.

— Бул коллекциялык монеталарды чыгаруу кандай максатка ээ болгон?

— Кыргызстандын коллекциялык монеталары сувенир же нумизматикалык баалуулук гана болуп саналбастан, маалымат булагы да болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө байланыштуу маданий эстеликтерди, маанилүү даталарды даңазалоо, маданият жана спорт жаатында жетишкендиктерди, улуттук үрп-адаттарды жана оюндарды кайра жандандыруу, Кыргызстанда жок болуп бараткан флора жана фауналардын түрлөрүн жайылтуу максатын көздөйт.

— Улуттук банк чыгарып жаткан коллекциялык монеталардын тематикасына токтоло кетсеңиз.

— Улуттук банк чыгарып жаткан коллекциялык монеталардын тематикасы Кыргызстандын кооздугун, кайталангыс өзгөчөлүгүн даңазалоого багытталган. Буга чейин “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы”, “Тарыхый окуялар”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгү”, “Кыргыз каганатынын доору”, “Эл аралык тоолор жылы”, “Кыргызстан Улуу Жибек жолунда”, “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары”, “Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери”, “Улуттук спорт жана элдик оюндардын түрлөрү”, “Улуттук музыкалык аспаптар”, “Кыргызстандын кызыл китеби” серияларына арналган монеталар чыгарылган. ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктарынын баалуу металлдан жасалган, коллекциялык металлдардан жасалган коллекциялык монеталарды чыгаруу боюнча эл аралык программасынын алкагында Улуттук банк тарабынан “ЕврАзЭс өлкөлөрүнүн борборлору”, “ЕврАзЭс өлкөлөрүнүн жаныбарлар дүйнөсү”, “ЕврАзЭс өлкөлөрүнүн элдеринин жөрөлгөлөрү жана салт-санаалары”, “ЕврАзЭске 10 жыл”, “Аруулук уялаган балдар дүйнөсү”, “Улуу Жибек жолу” серияларындагы күмүш монеталары чыгарылган. 2015-жылы монеталык программанын алкагында “Евроазия экономикалык союзу” коллекциялык монетасы чыгарылган.

— Кыргыз Республикасынын коллекциялык монеталары эл аралык конкурстарга катышкан учурлары болгонбу?

— Кыргызстандын коллекциялык монеталары эл аралык мелдештерге катышуу менен кадыр-барктуу сыйлыктарга ээ болуп келүүдө. Айтсак, “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары” сериясындагы монеталар Санкт-Петербург шаарында өткөн “Монеталар даражасы – 2010” эл аралык эстелик монеталарынын төртүнчү сынагынын алкагында “БИБЛИО ГЛОБУС” соода үйү тарабынан Ардак грамотага ээ болгон. Ал эми “Улуу Жибек жолу” монетасы 2013-жылы өткөн Берлин шаарындагы “Krause Pablications” басылмасы тарабынан «Бир кыйла тарыхый мааниге ээ монета» номинациясы боюнча уюштурулган “Жылдын монетасы” сынагынын жеңүүчүсү болуп таанылган. “Саймалуу таш” коллекциялык монетасы Москва шаарында өткөн “Монеталар даражасы 2014” сынагында “Жылдын күмүш монетасы” номинациясында үчүнчү орунга татыктуу болгон. Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий мурасын көркөм чагылдырган, өзүнө терең тарыхый маанини камтыган көркөм чыгарма болуп эсептелет. Коллекциялык монеталарды нумизматикалык баалуулук гана эмес, аларды оригиналдуу жана эксклюзивдүү белек жана инвестиция катары колдонсо болот.

ЭКИ ЖАҢЫ МААРЕКЕЛИК МОНЕТА ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 24-апрелинен тартып улуттук валютанын 30 жылдыгына карата «Тай туяк» жана “Сомго 30 жыл” коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарууда. “Тай туяк” монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин 19-кылымдарда акча жүгүртүү чөйрөсүндө колдонулган күмүш куймасы – тай туяктын сүрөтү түзөт. Монетанын жогору жагында анын аталышы, ошондой эле монетанын сапат белгиси (Ag 925) жана салмагы (500 g) жайгашкан, ал эми монетанын төмөн жагында анын номиналы (500 с) көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинде кыргыз тоолору жана кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн, бул сүрөттөлүш негизинен байыркы менен азыркы доорду бириктирген негизги идеяны түшүндүрөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби берилген. Монетанын четине тегерете “Национальный банк Кыргызской Респулики/Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” жазуусу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы (2023) көрсөтүлгөн. “Тай туяк” күмүш монетасы Улуттук банк тарабынан чыгарылган – салмагы 500 грамм жана номиналы 500 сом болгон алгачкы монета болуп саналат.

Экинчи жаңы монета “Сомго 30 жыл” деп аталат.Анын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары ар башка жылдарда чыгарылган банкноттордун фрагменттеринин үстүнө “30” саны жана сомдун графикалык белгиси “С” түшүрүлгөн. Монетанын оң жана сол жагында жүгүртүүдөгү монеталардын сүрөттөрү жайгаштырылган. Монетанын жогору бөлүгүндө монетанын аталышы: “Сомго 30 жыл/Сому 30 лет”, ал эми төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925), монетанын белгиси (28.28g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы кагаз тыйындарында колдонулган улуттук саркеч оймо-чийменин фонунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетанын четине тегерете: ”Национальный банк Кыргызской Республики/Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” деген жазуу жайгаштырылган. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2023). Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Абдимухтар АБИЛОВ
№34 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 25-апрели