Колумбиянын борбордук бөлүгүндө 6,3 баллдык күчтүү жер титирөө катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.
Жер титирөө борбор калаа Боготада да сезилип, шаар тургундары көчөлөргө чыгып, эвакуацияланган.
Паратебуэно шаарында жана анын айланасындагы аймактарда бир нече имараттардын дубалдары кулагандыгы, ошондой эле жолдордо жаракалар пайда болгону кабарланууда. Мындан тышкары, электр энергиясы жана байланыш кызматтары үзгүлтүккө учураган.