"Эркин-Тоо"

Композитор Акимжан Жээнбай: “Рыспайдын ырдаганын көргөндөн кийин музыкалык окуу жайга келдим”

Композитор Акимжан Жээнбай өз өмүр жолунда чыгармачылыктын ар кандай учурун баштан кечирди. Кээде жээгинен ашып толкуп-ташыган дайрадай албууттанса, кээде мемиреп үнсүз тартты. Чыгарма жаратуу оңой түйшүк эмес. Анын “Уркуя”, “Аталар”, «Балалыкты эскерүү» сыяктуу чыгармалары өлкөнүн симфониялык музыкасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Акыркы жылдары жаралган “Ата бейит”, “Ош-3000”, “Күү дастан” симфониялык чыгармалары музыка сүйүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган.  Композитордун балалык чагы, өнөргө аралашкан жылдары, чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

— Акимжан агай, адегенде балалык кезиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Мен 11 айымда апамдан калгамын. Апам оорудан улам өтүп кеткен. Чоң энемдин колунда чоңойдум. Ал киши эне сүтүн бербесе да, эл сүтүн берип багып эрезеге жеткирди. Мен энеме өтө ыраазымын. Өзүм өлсөм да ушул балам өлбөсүн деп баккамын деп айтып калчу. Чоң атабыз репрессияланып кетип, энем да 30 жашында жесир калган экен. Менин балалыгым интернатта өттү.

— Музыкага кантип кызыгып калдыңыз?

— Ноокат районундагы Төөлөс айылында балалыгым өттү. Биздин айыл ыр-күүгө жакын айыл болчу. Той-аштарда акындар ашыглык ырларын ырдап, той ээсин мактап жар салат. Ашыглык ырлары Ноокатта аябай кеңири жайылган.  Атактуу Барпы акын да биздин Төөлөс уруусунан чыккан.

— Кайсы жерде окудуңуз?

— Сагыр бала көп эле жерлерде окуду. Кайсынысын айтайын. Мен Чаткал районундагы Шакафтар деп аталган мектеп-интернатта окудум. Мектепте музыкага аябай жакшы көңүл бөлүнчү. Мен өмүрүмдө биринчи жолу музыкалык аспаптарды ошол жерден көрдүм. Өнөргө, адабиятка, музыкага болгон ышкымды ошол интернатта орус тилден сабак берген улуту карачай эжекем ойготту десем болот. Атактуу акын Расул Гамзатовдун ысымын мен эң алгач ушул эжекемден уккамын. “Расул Гамзатов Лениндик сыйлыктын лауреаты болду” деп бир күнү сабакта айтып калды. Андан кийин Чыңгыз Айтматовдун Лениндик сыйлыкты алгандыгын да ошол эжекемден уктум. Мектепте музыкалык кружокторго, хорлорго дамамат катышып жүрдүм. Интернатта беш жыл окудум. Сегизинчи классты бүткөндө энемди сагынып, кайра Ноокатка келе бердим. Бир досум мени электрик болобуз деп азгырып кесиптик окуу жайга бардык. Бүткөндөн кийин Ноокатта, Кара-Кулжада электрик болуп иштедим. Алайкуга чейин карагайларды орнотуп, электр жарыгын алып бардык. Кара-Кулжанын борборунда айыл электр ишканасы деген болор эле. Бир күнү бизге райондук элдик театрдын артисттери концерт коюп келип калышты. Мен ошондо биринчи жолу тирүү артисттерди көрүп аябай таң калдым. Татынакай улуттук кийимдерди кийген ырчы кыздар, жигиттер. Аларды көрүп аябай толкундандым. Анан эле “азыр Рыспай Абдыкадыров ырдайт” деп калды. Ал кезде жада калса радио да жок болчу. Анан эле арык чырай, узун бойлуу, чап жаак   жигит аккордеонун көтөрүп чыгып “Алтынчы күнү кечинде” сыяктуу бир катар ырларын ырдады. Оозум ачылып, таң эле калдым. Рыспайга аябай суктандым. Концерт жай айында болду. Ошол концертте Рыспайды Ош университетинин музыкалык факультетинде 2-курста окуйт деп тааныштырган. Мен делөөрүп куду ошол Рыспай окуган жерге барып окуйм, мен да музыкант болом деп Кара-Кулжадагы электриктик ишимди таштап Ошко келип, окууга тапшырдым.  Нотаны интернаттан үйрөнүп алгамын, ырдайм. “Подмосковние вечера” деген ырды ырдасам, окуу жайдагы экзамен алып жаткан орус мугалимдер “мына баланы кара, кыргыздар да орусча ырдай алат экен” деп таң калышты. Ошентип, окууга өтүп кеттим. Рыспай Абдыкадыров, Жолболду Алыбаевдер 2-курста окуп жүргөн кездери экен. Мен 1-курстамын. Рыспай да, Жолболду да жамгырдай төгүп эле ырдап жүрүшөт. Ал убакта концерттер көп болчу. Композитор Сатылган Осмонов бизге сабак берчү. Бир күнү “эй, бала, борбордо Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык мектеп бар, сен ошол жакка барып окубайсыңбы.  Сенин обондоруңдун ыргактары башкача, классикалык музыкага окшоп кетет экен, ошол окуу жайга барбайсыңбы” деп айтып калды. Ошол кезде бүт республикадагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышкан “Студенттик жаз” деген фестивалдар болчу эле. Фестиваль опера жана балет театрында болду. Рыспайдын “Алмашымы” жаңы чыгып дүркүрөп турган кез. Рыспай менен Жолболдунун мага тийгизген таасири чоң болду. Ошентип, Сатылган         Осмоновдун кеңеши менен Фрунзеге келип, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп калдым. Төрт жыл, кийин Искусство институтунун композиторлор факультетинде 5 жыл окудум. Элге кеңири белгилүү Мукаш Абдраев, Алтынбек Жаныбеков, Калый Молдобасанов, Таштан Эрматов өңдүү агайлар сабак беришти. Окуу жайдан композитор деген кесип алып чыктым.

— Эмгек жолуңузду кайсыл жерден баштадыңыз?

— Кыргыз радиосунда музыкалык редактор болуп иштөө менен баштадым. Андан кийин Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда мугалим болуп иштедим.  Анан Композиторлор союзунда эмгектендим. Бир күнү Күрөңкеев атындагы окуу жайга келсем, директору завхозун урушуп жатыптыр: «Ушул жерде бир жыл иштей коюп эле квартира алдың. Элдер канча жылдап кезек күтүп жүрүшөт. Квартира алгандан кийин жок дегенде бир жума иштеп, ордуңа бирөөнү таап кетсең болбойт беле» деп кейип, бар эми кете бер деп айдап жиберди. Мен бул жерден квартираны тез эле алса болорун угуп калып “эже, мени жумушка албайсызбы” дедим. Эже “ой, сен жогорку билимдүү композитор болсоң, Күрөңкеевде сабак берип иштеп жатсаң, анан кантип завхоз болуп келесиң” деп чочуп кетти. Мен “эже, үч балам менен жатаканада жашайм, абдан кыйналып кеттим, эч намыс кылбай эле иштей берем” дедим. “Чын эле иштейсиңби?” деп кайра сурады. Иштейм дедим. Анда “мен сени жумушка алам, буйруса бат эле квартира аласың, сен эч кимге айтпай иштеп жүрө бер” деди. Аял да болсо эркектей шар сүйлөгөн неме экен. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына барып иштен кетем десем, директор “Ой, Акимжан, мен сени жакында профсоюз уюмунун төрагасы кылып дайындайын деп жаткамын. Экзамендик комиссиянын мүчөсү болосуң. Кайда кетесиң?” деп чалкасынан түштү. Мен болбой жумуштан чыгып, завхоз болуп иштеп калдым.

— Анан ошол жерден үй алдыңызбы?

— Ооба. Бир жылдан кийин эле Министрлер Советине караштуу үйдөн квартира алдым. Элдин баары таң калышты. Ал үйгө мага кошуна болуп адабият менен өнөрдүн корифейлери Сүйүнбай Эралиев, Өскөн Даникеев, Самара Токтакунова, Дарика Жалгасынова, белгилүү режиссерлор, актерлор кошуна болуп келишти. Элдер “кантип алдың?” деп кайра-кайра сурашат. Мага Кудай берди да дейм. Бир велосипедим бар болчу. Жумушка ошону менен барып келем. Бир күнү жакшылык иш болуп, бир кошунабыз үйүнө чакырып калды. Барып чай ичип олтурсак Сүйүнбай Эралиев мени тааныбай “тиги жаш жигит ким?” деп сурап калды.  Бейшебай Усубалиев “Агай, бул жигит Акимжан Жээнбаев деген композитор” деп тааныштырды. Анда Сүкөм “подьездге велосипеди менен киргенин көрүп калам, биздин үйдүн сантехниги болсо керек деп ойлогом” деди. Баарыбыз күлүп жибердик. Чын эле ал үлкөндөрдүн жанында мен жаш бала элем. Үй алсак, үйдүн ичине сала турган эч нерсебиз жок. Отургудай төшөнчүбүз да жок эле.  Квартирада жашап жүрсөк кайдан болсун. Турмуш башатында ушундай кызыктар болот экен. Азыр ал үйдөн көчүп кетейин десем бир эмес, беш машина керек болот.

— Азыр иштейсизби, же эс алуудасызбы?

— Иштеп эле жүрөм. Улуттук консерваторияда сабак берчүмүн. Азыр музейдин директору болуп иштейм.

Өмүрбек Тиллебаев