"Эркин-Тоо"

Композитор Сталбек Бактыгулов дүйнө салды

КР эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинен билдиришти.
Коштошуу зыйнаты эртең, 31-августа саат 15: 00дө «Чыгыш-5» кичи районундагы өзү жашаган үйдө өтөт.
Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.
1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.
Эмгек жолун 1979-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик Кыз-келиндер институтунда, (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ) окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган композитор көптөгөн симфониялык, камералык-аспаптык чыгармаларды, кино жана драмалык спектаклдердин музыкаларын, обондорду жаратуу менен бирге  Бишкектеги музыкалык окуу жайларда окутуучу болуп эмгектенген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!