"Эркин-Тоо"

Комуз формасындагы пирсти көпчүлүк колдоду

Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” туристтик-экскурсиялык борборунда туристтер үчүн эң чоң пирс салынып, анда комуздун элеси чагылдыраары маалым болгон. Комуз формасындагы жаңы пирстин жалпы аянты 1800 чарчы метрди түзүп, Ысык-Көлдүн жээгиндеги эң чоң пирс болору айтылган. Анан эле, коомчулукта кызуу талкуу башталды.

Пирсти талкууга алгандардын бир тарабы туристтерди кызыктырган долбоор экенин белгилеп колдоого алса, экинчи катмары кыргыздын баалуулуктарынын бири болгон комуз тебелендиде калганын белгилешти. Коомчулукта жаралган кайчылаш пикирлерден улам Президент Садыр Жапаров социалдык тармак аркылуу билдирүү жазды. Анда өлкө жетекчиси Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплекси мамлекеттин карамагына өткөнүн, мурда жакшы каралбай калгандыгына байланыштуу кунары кача түшкөнүн айтып, быйыл оңдоо-түздөө иштерин жүргүзүлүп, комуздун формасындагы пирс салынарын белгилеген.

“Мына ушул “Рух Ордого” эң чоң пирс салынып жатат. Ал пирс формасы комуздун түспөлүн көрсөтүп турат. Ортосунда боз үй форамасында айнек ресторан болот. Ресторанда улуттук тамактар гана берилет. Тейлөө кызматындагылар улуттук кийим кийишет. Кыскасы, улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз. Кечээ эле өзүм барып иштин жүрүшү менен таанышып келгем. “Быйылкы жайкы туристтик сезонго даяр кылабыз” — деп куруучулар сөз беришти. Анан мага бүгүн пресс катчым телефон чалып: “Социалдык түйүндөрдө комуздун түспөлү түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жатат” — деп билдирди. Мына ошондуктан жалпы коомчулуктан сурамжылоо кыламын. Ким колдосо “Ооба” деп добуш бергиле, ким колдобосо “Жок” деп добуш бериңиздер” — деген Мамлекет башчысы эгер каршы чыккандар көптүк кылып кетсе анда долбоор өзгөртүлөрүн айткан.

Социалдык түйүндөрдө өтө кызуу талкуулар жүрдү. Президенттин өзүнүн баракчасындагы билдирүүдө 4,5 миңден ашуун адам “жакты” деген колдоосун көрсөтүп, 5 миңден ашуун адам пикир жазып, 1 миң 200 дөн ашыгы бөлүшкөн. Талкууга катышкандардын негизги бөлүгү комуз формасындагы пирстин курулушун колдогон пикирлерин калтырышып, “Ооба” деп жооп беришти. Пикирлердин арасында улуттук баалуулуктарды жайылтуунун түрдүү формалары бар экенин белгилеп, анын ар бирин кылдаттык менен колдоно билүүбүз керектигин айткандар болду. Ошондой эле Президентти эл 80 пайыз добуш менен шайлап, чечим кабыл алуу укугун бергенин билдирип, сурамжылоосуз эле өзү чечим кабыл ала бериши керектигин белгилегендер да чыкты. Мына ушундай ойлор айтылган соң Президент “Кабар” агенттигине кайрадан маек берди.

“Ооба, элдин 80 пайызы мага ишенип, 6 жылга өз тагдырын, мамлекеттин келечек тагдырын чечүү укугун берген. Эгер саясий маселе болсо, мен элден сурабай эле өзүмдүн чечимимди чыгара бермекмин. Бирок бул маселе улут менен кошо жаралган улуттун аспабы – комуз жөнүндө болуп жаткандан кийин сурамжылоо кылып коёюн дедим. Анткени, мага басма сөз катчым телефон чалып: “Ар ким ар кандай пикир жазып жатышат, каргагандар да бар” — дегенде бул мага катуу тийип, сурамжылоо жарыяладым. Сурамжылоодо элдин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 96 пайызы макул деп добуш беришти. Ошондуктан, бул долбоор өзгөрүүсүз калды. Ал жерде комуздун өзү эмес да, болгону сөлөкөтү. Тескерисинче, өлкөбүзгө келген ар бир туристке комузубузду, боз үйүбүздү даңазалап, таанытуу аракети болуп жатат. Мунун эмнеси жаман? “Рух Ордого” келген туристтерге комплексти көргөзүп чыккандан кийин боз үйгө алып барып кыргыздын тамагын берсек жакшы да.
Боз үйдүн ичиндеги ресторанды тейлеген улан-кыздарыбыз дагы улуттук кийимчен болушат. Кыскасы улуттук колоритибизди сактап, чет элдиктерге жайылтсак эмнеси жаман?” — деди Президент.

Албетте, бийлик тарабынан ар бир жасалган кадам, кабыл алынган чечим карама-каршылыктан турары баарына маалым. Арийне, анын туура же туура эместигине тарых өз баасын берет. Эң негизгиси элдин тагдырына, мамлекетибиздин келечегине балта чапкан чечимдер кабыл алынбашы керек. Тагыраагы, ар бир саясий чечимдин артында эл үчүн, мамлекет үчүн зыяны эмес, жакшылыгы же пайдасы тийиши шарт. Жогорудагы чечим дагы элдин, мамлекеттин пайдасына иштесин деген үмүтүбүз чоң.

КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек АКМАТАЛИЕВ:

“ӨТӨ ЫРЫМЧЫЛ БОЛУУНУН КАЖЕТИ ЖОК”

— Архитектура — бул искусство. Искусство шарттуулук менен өзгөчөлөнөт. Пирсте комуздун өзү эмес, формасы. Ошол үчүн өтө ырымчыл болуунун кажети жок. Эми комуздун фигурасы асмандан дрон менен тартканда сонун көрүнөт. Ал пирсте боз үй фигурасында кафе болсо, андан бешбетер жакшы. Салына берсин. Бул дагы бир архитектуранын жакшы өрнөгү болуп калаар.

УТРКнын мурдагы жетекчиси Илим КАРЫПБЕКОВ:

“КЫРГЫЗ БААЛУУЛУГУН ТАК ОШОЛ КЫЙКЫРЫП ЖАТКАНДАР ӨЛТҮРӨТ”

— Кыргыздын баалуулугу деп жаткандардын баары балдарынан эки нерсени сурап көрүшсүнчү. Биринчиси, жаңы желектин формасы кандай, нурлары күнгө тийип турабы же жокпу, алардын саны канча деп. Анан экинчиси Американын желеги кандай деп. Мен кепилдик берем, баарынын балдары Американын желегин жакшырак билет. Анткени, Американын желеги ар бир жерде турат. Кепка, куртка ж.б. бардык кийимде бар. Жадагалса алардын желеги ич кийимдерге да тартылган. Ошол үчүн жер жүзүндөгү адамдардын канына, мээсине Американын желеги сиңип калган. Балаң уктап жаткан жеринен тургузуп, Американын желегин тарт десең, тартып берет. Даңазалоо деген ушул. Баалуулукты адамдардын аң-сезиминде калтырыш үчүн аны жайылтыш керек. Анан эле караңгы түшүнүк менен кой-кой муну айта көрбө, көргөзө көрбө, тарта көрбө деп отура берсек, ошондо даана жок болот. Кыйкырып жатып кыргыздын баалуулугун өлтүргөн ошолор болот. Силер ушинте берсеңер балдар комуз жөнүндө сүйлөгүсү да келбей калат. Муну сүйлөп алып тигилердин балээсине калам деп качып калат.

 

Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!