Конго Демократиялык Республикасындагы Мбандака шаарынын жанында моторлуу жыгач кеме өрттөнүп, 148 адам каза болгон. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги кабарлады.
Кемеде болжол менен 500гө жакын жүргүнчү болгон. Өрт кеменин ичинде аял киши тамак жасап жаткан учурда чыккан. Өрттүн жайылышы менен жүргүнчүлөрдүн көбү сууга секирүүгө аргасыз болушкан жана көпчүлүгү сүзө албагандыктан каза болушкан.
«150дөн ашык киши аман калып, 100дөн ашыгы дайынсыз болууда» делет маалыматта.