"Эркин-Тоо"

Коомдук бирикменин төрагасы, жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды

Коомдук бирикменин төрагасы, жергиликтүү соттордун биринин төрагасынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 3-октябрында пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, «Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.О. аттуу жаран 200,0 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Такталгандай, кармалган А.О. кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган.

Эгер болбосо, А.О. бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялоосу менен коркуткан.

Ошол эле учурда А.О. беделине шек келтирген жүйө менен судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында болгон байланыштар аркылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады.

Кармалган А.О., алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында, К.Т.А. аттуу жарандын кызыкчылыгына иш алып жасалма ойдон чыгарылган арыз алган.

Белгилей кетсек, А.О. жана К.Т.А. мурда «зордуктоо» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!