"Эркин-Тоо"

Коомдук ишмер Кемел АШЫРАЛИЕВ: “Бөтөн элди ээрчибей, кыргыз наркы менен жашашыбыз керек”

— Кайсы коом болбосун, кайсы өлкө болбосун ар бир жарандын өз милдети бар. Карысы болобу, жашы болобу өз милдетин так аткарышы зарыл. Мамлекет ошону жолго коюшу шарт. Маселен, мектеп жашындагы балдар келечекте коомго кандай пайда келтирем, кантип өзүмдү алып жүрүшүм керек, кайсы багыттагы билимди алышым керек деп ойлоно башташы керек. Институтту бүткөндөн кийин кесипке ээ болдум, эми мен өлкөгө кантип жардам берем, кантип элге кызмат кылам деп, эң алды мамлекет менен элди ойлонууга тийиш. Жүрө-жүрө кызматка көтөрүлгөндө, мага тапшырылган соң милдетимди так аткарайын, иштин өтөөсүнөн чыгайын деп турушу керек. Жаш муундун ар бири ушундай ойлонушуна мамлекет көмөктөшүшү зарыл. Иште ылдыйдан өйдө карай чоңойсо, жеңил болот. Анан аким, губернатор, министр, депутат болуп, бактысы ачылса премьер-министр жана президент болуп өлкө башкарат. Мындай бактыга чанда гана киши жетет, бул чоң сыймык. Ошонун өзү эле ченемсиз байлык, чоң бакыт. Кудай буюруп, элдин тагдырын чече турган кызматка келип калдым, айлыгы жакшы экен, отурган жерим, миңген машинем бар экен деп, билек түрүнө иштеп беришиң керек. Анан байышым керек десең, сен мекенчил болбой каласың. Андай адам кыргыз эмес, элдин чыккынчысы деген тарбияны балдарыбыздын кулагына куюшубуз керек. Ар бирин эмгекчилдикке үйрөтүп, илим, курулуш, бизнес, спорт, өнөр, айтор кайсы тармак болбосун күн-түн дебей иштеп, маңдай терин төккөн тарбияны жолго коюшубуз шарт. Ким болбосун өзүнө тагылган кызматты так аткарып, иштин майын чыгарса, ошондо атуулдук милдетин аткарат деген идеологиялык тарбияны ишке ашыруу зарыл. Ошондо эмгекчил, мээнеткеч, таза коом түзүлөт. Негизи, эл үчүн иштеп, ишенимди так аткарып, жаманатты болбогон кишилер сүйлөшү керек. Муну айтканым, артынан сөз ээрчип, жаман сөз ээрчигендердин баары оозун жабышы керек. Сүйлөш үчүн таза болушу кажет.

Аксакал деген атка татыктуу бололу

— Карылыкка жетиш чоң бакыт. Бул жашоонун бүт баары кыймылда, өмүр бат эле өтүп кетет. Жашоо токтобойт. Табийгат өзү күз, кыш, жаз, жай болуп өзгөрүп турат. Жакшы карыйм деген адам жаш кезден таза жүрүшү керек. Эгер сен жаш кезден булганбай, элдин байлыгына кол салбай, өз ишиңди так аткарсаң бактылуу карылыкка жетесиң. Жакшы карылыкка жеткен чоң бакыт. Айлана-чөйрөң бул киши таза, эмгекчил адам, искусствону да, спортту да мыкты өздөштүргөн, кыргыздын наркын сактап, ар дайым элге даңазалап жүрөт, кыргыз тарыхы менен санжырасын терең билет, улуттук тамак-ашты кадырлап сүйөт, ат оюндарын да бирден тизмектеп бере алат, айтор бул киши билбеген эч нерсе жок деген карылыкка жетиш чоң бакыт. Эгер сен жаш кезден бузулуп алсаң, жүрүш-турушуңдан, ачкөздүгүңдөн, кызыл кекиртегиңден же сөзүңдөн мүдүрүлүп алсаң, жакшы карылыкка жетпейсиң. Элде кадырың жок болгон соң, сен эч ким эмессиң. Анан карыдым деп бурчка тыгылып, үйүңдөн чыкпай жашынып, кемпириңден башка менен сүйлөшпөй калганың — ал сенин тирүүлөй өлгөнүң. Андай карылыктын барынан жогу. Карыганда сен жатып алсаң карылык огобетер басат. Үйдө жатып албай эмгек кылышың керек. Жок дегенде небере-чөбөрөңө нускалуу кебиңди айтып, аталык кызматты аткарышың абзел. Аларды бала бакча, мектепке жетелеп барып, жолдо акылыңды айтып, түрдүү кружокторго катыштырып, үй-бүлөңө пайдаңды тийгизбесең, сен кыргыздын эмес, үй-бүлөңдүн карысы боло албайсың. Анан кээ бир аксакалдар дүнүйөгө, бийликке кызыгып, сүйлөп койгон учурлар бар. Алардын кылык-жоругунан улам “дежур аксакал” экен, “аксакал эмей эле акшакал экен” деп ат коюлуп калып жатат. Өзүнүн жүрүшү менен алар жакшы аксакалдарды жаманатты кылып коюшууда. Мына ошондой карылар жалпы аксакалдарды булгап жатат. Ошондой аксакалдар бизде бар, алардын кээ бирлери азыр туура эмес сыйга татып, чоң сыйлыктарды алып жатышат. Экинин бири болуп жүрүп, жакшы иштебей, өлкөнү талкалаганын элдин баары билет. Ошондойлор электен өтүп кетип, сыйлуу болгону – бүткүл адамзаттык адепке гана эмес, кыргыздын наркына да төп келбей турат. Мына ушундан эл арасында нааразычылык болот.

Аксакалдар кеңешин түзүү зарыл

— Укмуштай болгон нарктуу адамдар, ардактоого татыктуу болгон аксакалдар бар. Алар азыр айылда, алыскы шаарларда калды. Союз маалында чабан болуп жүрсө да өз милдетин ушунчалык так аткарып, бул элдин малы, буга кыянаттык кылбай багайын, көбүрөөк эт, көбүрөөк сүт берейин, ичип-жебей өкмөткө пайда келтирейин деп карылыкка жеткендер бар. Мугалим, мектептин директору болуп, таң атпай балдарды тарбиялап, алыска ат минип барып балаңды жөнөт деп жанталашып жүрүп нечен окумуштууну чыгарган агартуучулар бар. Тубаса акылман, көрөгөч, көсөм инсандар бар. Алар алыста калып, эмгеги элге таанылбай калып жатат. Ошолорду алып келип, теледен сүйлөтүп, акыл-эсин пайдаланышыбыз керек. Ушул жаатта менде бир ой бар. Республикада жакшынакай аксакалдар кеңешин түзүшүбүз керек. Мына казактардын түзгөнү мага аябай жагат. Аларда аксакалдардын борбордук кеңеши, аксакалдардын алтын сөздөрүн ала турган кеңеши, андан сырткары, акыл кеңеши деген ар бир облустун өзүнчө кеңештери бар. Райондордун аксакалдары жыл ичинде эки ирет чогулуп, кайда баратабыз, баланча жерде туура эмес иштер болуп жатыптыр, бөлүнүү-жарылуу болуп жатыптыр, салт-санааны мындай кылалы, мынабул маселени президентке барып айталы деп кеңеш курушат. Бизде да ошондой түзүлүшү зарыл.

Мамлекет үй-бүлөдөн куралат

— Азыр үй-бүлөгө көңүл бурулушу керек. Анткени, ар бир үй-бүлөдөн жалпы мамлекет куралат. Сен үй-бүлөңдү мыкты тарбияласаң коом таза болот. Бул чоң идеология. Мисалы, азыр салют аттырган укмуштай тойлор өтүп жатат, ошолорду эки, үч жылдан кийин карасаң, үчтөн бири ажырашып жатат. Кыргызда ажырашуу деген өтө уят иш болгон. Мурда ажырашуу деген болгон эмес. Ажырашкан адамдарды чакан мамлекетти талкалаган адамдай карап жектеген. Себеби, үй-бүлө ажырашканда балдар жетим калат. Ажырашкан үй-бүлө оңою менен кайра калыбына келбейт. Өмүр бою жашоо — бул чоң байлык. Үйлөнгөн бойдон ажырашпай 50, 60 жыл жашагандар бар. Окуу жайды бүтүп 23 жашында үйлөнсө, 83кө чыкканда 60 жыл болот экен. Алар чогуу түтүн булаткан 60 жылдык өмүрүндө үч муунду — баласын, небересин, чөбөрөсүн тарбиялайт. Ушундай үй-бүлөнү мамлекет ардактаса, кыргыз наркына ылайык иш кылынмак. 60 жыл бирге жашаптыр, мынча урпагын тарбиялаптыр, ушундан үлгү алыш керек деген сөз айтылышы керек. Керек болсо пенсиясына кошуп бериш керек. Негизи, бизде 60 жыл бирге жашагандар саналуу эле. Биздеги үй-бүлөнүн 0,01 пайызын да түзбөйт. Атургай, 50 жыл бирге жашагандар да аз. Мамлекет жыл сайын бир учурда чогултуп, ошолорду сүйлөтүп, ажырашуунун алдын алыш үчүн жаш муунду тарбиялаш керек. Жаман жүргөн киши эч качан байбичеси менен 60 жыл жашай албайт. Жанагы “эки жакшы баш кошпойт” деп жатпайбы, ошол чанда болот. Аны үлгү кылыш керек. Аларга өкмөт жеңилдик берсе да болот. Жок дегенде автобус, троллейбуста бекер жүрсүн деп. Же “алтын үй-бүлө” деген сындуу орден чыгаруу зарыл. Мамлекеттик катчы ушуну менен алек болуп, ушундай демилгелерди да ишке ашырышы шарт. Үлгүлүү үй-бүлөлөр ордени менен көчөдө же троллейбуста кетип жатканда эл суктанып, алтын үй-бүлө турбайбы деп караса, анын тарбиясы чоң, жакшылыгы көп болот. Пенсиясын эки эсеге көбөйтүп берсе, үй-бүлөнү сактоо стимулу жаралат. Эң башкысы кыргыздын наркын көтөргөн болобуз. “Карынын сөзүн капка сал”, “карысы бардын ырысы бар” деп жөн эле какшай бербей, ардактай турган нерселерди көтөрүүгө мезгил жетти. Кудайдын батасы тийген кишилер өмүр бою чогуу жашап, узак өмүр сүрөт. Колго суу куйганда дагы аксакалдар “алганың менен тең карып, көп жаша” деп бата берет. Аксакалдардын батасы тийген киши, Кудайдын сүйкүмдүү адамы гана ушундай карылыкка жетет. Ошондой кишилерди өкмөт сыйлабаса, кыргыз эли кадырлабаса, мыкты үй-бүлө калыптанбайт.

 

 

Зулпукаар САПАНОВ

№9 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-февралы

 

Пример HTML-страницы