"Эркин-Тоо"

Коомдук ишмер Кемел АШЫРАЛИЕВ: “Президентке убакыт беришибиз керек»

Өлкөдө бир жылда көп нерсени тез эле өзгөртүү кыйын. Бирок, башында эле “Атка туура минди” деп коюшат. Жалпылап айтканда ишин начар баштады дегенден алысмын. Кандай маселе, кырдаал болбосун эзилбей, убакытты созбой, тез чечкени жана чечкиндүүлүгү жакты. Ишмердүүлүгүнүн башында кадрлар бат-бат алмашып,  өз ордун таппай жаткан. Учурда жөнгө салынып калды. Баарын убакыт чечет. Андыктан, убакыт беришибиз керек. “Башталган иштин аягы жакшы” демекчи, башталган иштеринин аягы жакшы болот. Аларды аягына чыгаруу үчүн өлкөбүз тынч, элибиз сабырдуу болуусу кажет. Экономиканы мыкты билген, дасыккан адис Акылбек Жапаровду да Министрлер Кабинетинин Төрагалыгына дайындаганын туура деп эсептейм. Дүйнөнү каптаган пандемия өнүккөн өлкөлөрдү да экономикалык кризиске алып келди. Мындай кырдаалда эки Жапаровдун элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иш алып барганы туура. Мамлекеттин алсыз экономикасын көтөрүү кыйын болгондуктан, биз убакыт берип, Президенттин ишин колдоп, талдап турушубуз кажет. Жакшы тилек жарым ырыс. Буйруса баары жакшы болоор.

Жазгүл КАРБОСОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!