"Эркин-Тоо"

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов: “Нукура салттарыбызга карата сый-урмат азайып, жерүү, четке кагуу, бурмалоо уланууда”

— Алмаз мырза, сырттан кирген идеологиялар кыргыздын наркын, салтын талкалап жатканы жүрөктү өйүтүүдө. Дегеле, азыркы кыргыз коомунда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат жана кайда баратабыз?

— Бул өзөктүү суроолордун айланасында кыргыз коомчулугу олуттуу ой калчап, акылга салып талдаганга чамасы жете элек. Кеп биздин коомдун интеллектуалдык дараметинде эмес. Акыл калчамак турсун, суроо коюп-кое электе “устаранын мизинде оодарылган дүйнөдөгү” ыкчам өзгөрүүлөргө туруштук бербей, көр тирликтин түйшүгү төө бастыга алган көпчүлүк да, караңгыда көз, капилетте сөз, кысталышта жол табуу озуйпасы мойнуна жүктөлгөн эл жакшылары, акылмандары, окумал интеллигенциясы да улам пайда болгон окуяга байланыштуу флэшмоб, утурумдук бүйүр кызыткан талкуу менен алек.

Элди эл кылган асыл нарк дөөлөттөрдүн, нравалык, маданий баалуулуктардын айрымдары четке сүрүлүп, дагы бири кадимкидей чекеге сүрүлүп жаткан кези. Дал ушундай шартта кыргыз каада-салттары сыноого тушукту. Көөнө үрп-адаттарыбызга, нукура салттарыбызга карата сый-урмат азайып, жерүү, четке кагуу, бурмалоо, өз кызыкчылыктарына ылайык туш келди пайдалануу сыяктуу мамиле калыптана баштады. Азыноолак коомчулук каада-салттарды жандандыруу, урматтоо тууралуу кез-кези менен айткан болот, үзүл-кесил аракеттер жасалат, өзүнө керек учурда бийлик өкүлдөрү кеп кылат. Бирок, кыргыз элинин мыкты салт-санаасына каршы топтор арбын, жигердүү, ал тургай агрессивдүү болгондуктан, нукура кыргыз каада-салттары барган сайын алдан тайып, улагага сүрүлүп, эми айылдан алыс кубалана турган кооптуу кырдаалга жакындай баштадык.

— Кээ бирөөлөр жемкорлук буга чейин калыптангандай айтып, салтка байлап жатышканы биздин нарктын тамырына доо кетирип жаткан жокпу?

— Социалдык-экономикалык ургалдуу өнүгүүгө негизги шарттарынын көбү жетиштүү туруп, эгемендикке ээ болгон бири кем 30 жыл ичинде жакыр өлкө бойдон калышыбыздын эң

башкы себеби болгон, жарандардын фундаменталдуу укуктарын ишке ашырууга эбегейсиз тоскоолдук жараткан каргашалуу коррупцияны да байыркы кыргыз салтынан издеп, аны ата-бабаларыбызга шылтап жатканыбыз кооптондурат. Андан да жаманы – коррупцияны элдик салтка алып барып такоо коомдун ишеничин кетирет, аны бара-бара түңүлтөт. Ал эми өзүнө ишенбеген улут – улут болуудан калат, келечегинен үмүтү аз эл жетекке бат көнөт, айдаган жагына басат, башкалар айтканды кыңк этпей аткарат. Акыры мунун баары жазгы ташкын селге айланган сымал улуттук катастрофага алып келет. Элдин өзүнө болгон ишеничине, эркине жана баалуулуктарына сокку уруу жеңиштин өбөлгөсү экенин билип, демек ар кандай жол менен ошого жетишүү аракеттер эзелтеден бери бул согуштарда колдонуп келген классикалык ыкма. Македониялык Искендер, Чыңгызхан, Наполеон сыяктуу улуу кол башчылар тургай, “дүйнөгө толук ээлик кылабыз” деген фашисттик Германия да улуттук салт-санаалар менен улуттун өзүнө ишенимин алсыратуу жеңиштин негизги фактору экенин жакшы билишкен. Жетекке көнгөн адам индивидуалдуулугунан жана иденттүүлүгүнөн баш тартып, кулчулукка ыктап, ошого моюн сунуп, өз милдеттерин жана эркиндиктерин башкаларга ыйгарууга даяр болот.

— “Майлап бермей”, “буюм жуумай”, “базарлык дооламай” сыяктуу көрүнүштөрдү мисалга тартып, жемкорлукту кыргыздын салты катары таңуулагандар, кыз ала качууну дагы байыртан берки салтка байлап жүрүшөт, ушул боюнча айта кетсеңиз…

— “Майлап бермей”, “буюм жуумай”, “базарлык дооламай” сыяктуу нерселер кыргызга кечээ гана келгендиги боюнча аргументтүү жообум бар, ал боюнча өзүнчө сүйлөшсөк болот. Азыр кыз ала качуу боюнча айтсак, дээрлик отуз жыл бою кыз ала качууну “кыргыз салты” деген пикирлер улам коомго таңууланып, жалпы дүйнөгө ушундай маалыматты жеткирүүгө, “кыргыз сүйүүдөн, махабаттан, кудалашуудан кур жалак эл, кыргыз кызынын пешенесине ала качуу аркылуу турмушка чыгуу жазылган, кыргыз жигити аялзатынын арзуусуна татыксыз, ошондуктан ала качат, анткени бул кыргыз улутунун эзелтеден келе жаткан салты” деп келатышат. Ар жылкы отчетторунда гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы алектенген жана алектенимиш болгон уюмдардын басымдуу көбү “кыз ала качуу кыргыз баласы менен кошо жаралган, кыргыз улутунун мүнөздүү белгиси” деп келишет. Мындай бүтүм-тыянактар “туура, эгер андай болбосо тыйылат эле да, эмнегедир токтободу” деген социалдык тармакта өз атынан жана жалган атка жамынып, жамгырдай жааган пикирлер менен бекемделүүдө. Чын эле ошондойбу?

Кыргыз тарыхы боюнча XX кылымдын орто ченине чейинки чет өлкөлүк жазма булактардын дээрлик биринде да кыргыздардагы кыз ала качуу жөнүндө маалымат жок. Илим казган окумуштуусу, дин жайылткан миссионери, соода кылган кербени, жер кезген саякатчысы, дипломаты, сынап турган сынчысы, тыңдап турган тыңчысы, айтор кыргыз жерин аралап, кыргыз турмушун өз көзү менен көргөн чет элдиктер кыргыздын аларга жаккан жана жакпаган салттарын, кулк-мүнөзүн, табиятын, курал-жарагын, баккан малын, ичкен ашын, айдаган аштыгын, кечирген күнүн, сыйынган кудайын, сыйлаган ыйыктарын, ички-сырткы адаттарын тизмектейт, чечмелегенге аракеттенет, бирок алардын бири да асты кыз ала качуу тууралуу эскербейт, айтпайт, жазбайт.

Педофилия жөнүндө да бир кеп жок. Байыркы, орто кылымдардагы жана андан берки булактардын биринде да кыз ала качуу кыргыз салты катары сыпатталбайт. Ал тургай кыргыздар менен кайсы бир убакта каршылашып, согушуп келген, кезегинде кыргыздарга кастык маанайдагы элдердин бири да “кыргыз элинде кыз ала качуу адаттагы нерсе, аялзаты кордолот, жаш балдарга карата жыныстык зомбулук, бачабаздык, жетимдерге ырайымсыздык мамиле жасалат, карылары журтка ташталат” деп кенедей да маалымат калтырган жок. Кыргыз санжырасында жана фольклорунда кыз ала качуу кездешпейт. Туура, кудалашкан жигитке эмес, сүйгөнүнө качып чыккан турмуштук окуялар кыргыз элдик адабиятында, поэмаларында, жомокторунда кездешет. Балким ошого кызыккан башка бир адам аны кайсы бир жерден таап чыгаар, бирок да кыз ала качууну даңазаламак тургай, аны турмуштук окуя катары сүрөттөгөн эпизодду мен кыргыз элдик чыгармаларынан кездештиргеним жок.

— Айтканыңызга кошулам, салт катары айтылган эмес…

— Тескерисинче, кызды ала качуу капкалуу шаар бузганга тете оор кылмыш катары жазаланган. Бир гана ошону жасаган адам эмес, бүтүндөй уруу айыпка жыгылган. Кыргыз элинин кадимки укуктук ченемдерине, көндүм адаттарына ылайык, эгер кудалашкан кызды эркинен тыш уурдоо, үзөңгүлөшүнүн сөөгүн бейжай таштап кетүү, калп айтуу кылмыш болуп эсептелген. Болгондо да элге чыккынчылык, саткындык сыяктуу оор кылмыштардын катарына кирген жана катуу айыпталып, кулагы кесилип, киши катарынан чыгарылган. Кылмышкердин бели сындырылып өлтүрүлгөн, жакындарынын намысына доо кеткидей, эл унутпагыдай жазаланган. Кыргыз баласы саткындарга жана чыккынчыларга жебе же кылыч да ыраа көргөн эмес. Кыргыз эли эркек баланы отко-сууга жумшап бышырган, бирок шагын сындырган эмес, назарын суутпаган. Минген атын башка чаппаган, сууга түкүрбөгөн. Кыз балага сый, аяр мамиле жасалган, ага кырк жерден тыюу салып, аруу бойдон турмушка берген. Кыз күйөөгө чыккандан кийин да төркүлөп келгенде төргө отургузулган.

Жогоруда айткандай, байыркы жана орто кылымдарга таандык жазма булактарда кыз ала качуу тууралуу маалымат жок. Борбор Азия үчүн айыгыша кармашып келген Англия, Германия, Түркия, ушул аймакты алардан озунуп ээлеп алган Орус империясынын саякатчыларынын, окумуштууларынын, дипломаттарынын, чалгынчыларынын, аткаминерлеринин жана аскер адамдарынын XVII-XIX кылымдардагы докладдарында, отчетторунда, баяндарында кыз ала качуу тууралуу баяндалбайт, мүнөздүү көрүнүш катары эскерилбейт. Алгачкы маалымат XX кылымдын орто ченинде кездеше баштайт. Демек бул жорук пайда болгон советтик аномалия деп эсептөөгө болот. Ата-бабабыз билбеген бул терс жорук акырындап жугуп, айрымдардын турмуш куруу ыкмасына айланды. Эми кутула албай убара болуп, эл аралык коомчулукка кеп болуудабыз.

— Кыз ала качуу салт дегендер чыкса, талкууга даярсызбы?

— “Жок, андай эмес” деген чыгып, “Ата-бабабыз кыз ала качууну, педофилияны, ата-энесин карылар үйүнө таштоону улуттук салт катары бекем туткан, анын тарыхый, документалдык, эмпирикалык, фольклордук далили мына булар” деп фактылар менен далилдеп беришсин, мен полемиканын эрежесине негизделген же илимий дискуссияга даярмын.

— Каада-салтка жемкорлук, зөөкүрлүк, аялды кордоо сындуу жаман нерселерди жабыштыруу менен жек көрсөтө берүүнүн аягы жакшылыкка алып барбайт го… 

— Кыргыз каада-салттарына жок нерселерди зордоп жармаштыруу аркылуу аларды дискредитациялоо, тескерисинче биздин элдин табиятына жат нерселерди таңуулоо геосаясий атаандаштык улам күчөгөн заманда улуттун келечеги үчүн кооптуу. Компрометация, дискредитация түшүнүктөрү башка терминдер сыяктуу эле бир нече мааниге ээ. Ишенимден кетирүү, беделине шек келтирүүдөн тышкары, аталган терминдер жокко чыгаруу деген түшүнүктөрдү билдирет. Каада-салттарды дискредитациялоо, компрометациялоо бара-бара аларды четке кагууга, анын ордуна либералдык деп аталган чоочун, диндин атын жамынган регрессчил, экстремисттик идеология жайылтыла баштайт.

Салттар коомдо улуттун иденттүүлүгүн аныктап, жөнгө салуучу, бириктирүүчү, таанып-билүү, тарбиялоо, багыттоо, мыйзамдаштыруу, мамлекеттик масштабда кээде саясий функцияларды аткарат. Конституциясы жок Англияны Улуу Британия кылган, Жапонияны кыйрап кетүүдөн сактап калган, улам бир технологиялык толкундун ана башында келе жаткан кубаттуу мамлекетке айланткан салт-санаа экенин дээрлик бардык окумуштуулар бир ооздон айтышат. Ал тургай салт мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп да келишет. Демек, салт-санаа, каада-наркыбызды ичтен жана тыштан агрессивдүү дискредитациялоого туруштук бере алсак, нарк-насилибизди, нравалык баалуулуктарыбызды сактай алсак, ааламдашкан заманда улуттук иденттүүлүгүбүзгө доо келтирген кесепеттерден алыс болобуз.

 

                                                                                                                               Зулпукаар Сапанов