Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы жана «Тулпар» компаниясы биргелешип коомдук транспортто жол кире төлөөнү көзөмөлдөө боюнча рейддерди улантууда.
Департаменттин маалыматына ылайык, рейд маалында жол акысын төлөбөгөн жана талон албаган жүргүнчүлөргө Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынууда.
Мэрия жүргүнчүлөргө кайрылып, коомдук транспортто накталай төлөм жүргүзгөндө талон алууну унутпоону эскертет. Ар бир каттамдын өзүнчө номери бар талон берилет жана ал кийинки каттамдарга жараксыз болуп саналат.

