Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгы калаадагы коомдук транспортторго жол кире тарифин өзгөртүүнү пландап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык бир жүргүнчүнүн жол кире наркы:
— троллейбуста — 15 сом;
— менчик түрүнө карабастан автобуста (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) 15 сом;
— менчик түрүнө карабастан чакан жана өзгөчө класстагы автобустарда – 21 сом;
— менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда:
- 6:00дөн 20:30га чейин — 21 сом,
- 20:30дан 06:00гө чейин — 32 сом.
Менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы экспресстик автобустарда:
- № 233, 234 — 22 сом;
- № 123, 226, 252 — 32 сом.
Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм 40 килограммдан жогору же көлөмү 50х60х100 сантиметр — 10 сом.
1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) наркы:
- мектеп окуучулары үчүн — 320 сом;
- троллейбустарда, автобустарда жүрүү үчүн — 920 сом.
Транспорттук картаны даярдоого кеткен чыгымдарга алардын иш жүзүндөгү өздүк наркы киргизилет.
Шаардык каттоосу бар, Бишкек шаарынын жарандарынын төмөндөгүдөй категорияларына муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу белгиленсин:
- жаш курагы боюнча пенсионерлерге;
- жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын I, II, III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына;
- бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга;
- 7 жашка чейинки курактагы балдарга;
- «Кыргыз почтасы» ААКнын почтальондоруна кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурда.
Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү үчүн негиз болуп, жарандардын акысыз жүрүүгө укугу бар, транспорттук картанын ээсинин сүрөтү жана аты-жөнү көрсөтүлгөн жеке транспорттук карта саналат.