"Эркин-Тоо"

Коомдук транспортторго жол акыны көтөрүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду

Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгы калаадагы коомдук транспортторго жол кире тарифин өзгөртүүнү пландап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык бир жүргүнчүнүн жол кире наркы:

— троллейбуста — 15 сом;

— менчик түрүнө карабастан автобуста (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустардан тышкары) 15 сом;

— менчик түрүнө карабастан чакан жана өзгөчө класстагы автобустарда – 21 сом;

— менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы автобустарда:

  • 6:00дөн 20:30га чейин — 21 сом,
  • 20:30дан 06:00гө чейин — 32 сом.

Менчик түрүнө карабастан өзгөчө чакан класстагы экспресстик автобустарда:

  • № 233, 234 — 22 сом;
  • № 123, 226, 252 — 32 сом.

Автобустарда, троллейбустарда 1 орундук жүктү ташуу үчүн төлөм 40 килограммдан жогору же көлөмү 50х60х100 сантиметр — 10 сом.

1 (бир) айлык мөөнөткө транспорттук картанын (электрондук жол билети) наркы:

  • мектеп окуучулары үчүн — 320 сом;
  • троллейбустарда, автобустарда жүрүү үчүн — 920 сом.

Транспорттук картаны даярдоого кеткен чыгымдарга алардын иш жүзүндөгү өздүк наркы киргизилет.

Шаардык каттоосу бар, Бишкек шаарынын жарандарынын төмөндөгүдөй категорияларына муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугу белгиленсин:

  • жаш курагы боюнча пенсионерлерге;
  • жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын I, II, III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына;
  • бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга;
  • 7 жашка чейинки курактагы балдарга;
  • «Кыргыз почтасы» ААКнын почтальондоруна кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурда.

Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү үчүн негиз болуп, жарандардын акысыз жүрүүгө укугу бар, транспорттук картанын ээсинин сүрөтү жана аты-жөнү көрсөтүлгөн жеке транспорттук карта саналат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!