"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Коомдук угуулар өтөт

2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык иш-чаралар 24-25-декабрда райондордо уюштурулат. 24-декабрь күнү Ленин району – Чүй проспектиси, 168 а, саат 10:00; Биринчи май району — Чүй проспектиси, 168 а, саат 14:00; 25-декабрь күнү Октябрь району – акимчиликтин жыйындар залы, саат 10:00; Свердлов району – Үсөнбаев көчөсү, 200/1, саат 14:00дө болот.

Коомдук угууга катышуу үчүн 23-декабрда саат 18:00гө чейин төмөнкү номерлерге алдын ала катталуу зарыл: Ленин району: 0503 10 22 06, 0312 65 69 03; Биринчи май району: 0559 71 99 99; Октябрь району: 0999 66 68 45, 0509 68 88 70, 0312 57 61 57; Свердлов району: 0550 15 06 61, 0312 36 03 10.