Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамдын сакталышы текшерүүгө алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи май районунун аймагында жайгашкан оюн-зоок жайларында – түнкү барларда, дискотекаларда, кальян залдарда, оюн/интернет клубдарда, сауналарда, бильярд залдарында КР “Ден соолукту коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Рейдге акимчиликтин, МАБдын, ички иштер башкармалыгынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты.
Бишкек мэриясы КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 83, 84 жана 85-беренелерине ылайык, жаран коомдук жайда тамеки чегип жаткан жеринен кармалса, жоопкерчиликке тартыларын эскертет.