"Эркин-Тоо"

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Президент саясий курч абалдардан тынч чыга алды”

2021-жыл чоң саясий иш-чара менен башталып, 10-январда элибиз президентти шайлап, шайлоочулардын 80 % добушуна Садыр Жапаров ээ болду. Ошол эле учурда референдум болуп, кыргызстандыктар президенттик башкаруу формасын тандап алышты. Бул абдан олуттуу кадам. Элдин каалоосуна биринчи жолу көңүл бурулду. Андан кийин мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоо иши жүргүзүлдү. Коррупцияга каршы күрөш күч алды. Бул жерде көп сындар айтылды. Бирок, муз эрий баштады. Чоң кызматты аркалап жүргөндөргө кылмыш иштери козголду. 11-апрелде жаңы Конституция жалпы элдик Референдум менен кабыл алынып, жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланышты. Буга өтө чоң саясий эрк талап кылынды. Шайлоолордун таза өтүүсүнө аракеттер күч болгонун Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын Кеңештерине кайрадан шайлоо уюштурулгандыктарынан эле билсек болот. Апрелдин аягында Баткендеги кайгылуу окуялар дагы орун алды. Кандай болгон күндө да согушту болтурбай койгону президенттин ийгилиги. Жаңы Конституцияга Садыр Жапаров 5-майда кол койду. “Кумтөр” боюнча тышкы башкаруу киргизилип, колго алганы президенттин көөнөргүс эмгеги. Ооба “Центерра” менен талаш дале күчүндө. Бирок, 20 жылдан бери биринчи жолу бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн конкреттүү кадамга барды. Ошол эле “Кумтөр” боюнча бир топ коррупцияга шектелген ири кызматтагы чиновниктер сурак беришүүдө. Эң башкы ийгиликтердин бири ЖКнын 7-чакырылышынын тынч өткөнү болду. Анткен менен бул жерде БШК гана президентти бир топ түйшүккө салып, өздөрүнүн техникалык жана кесиптик мүчүлүштүктөрүнө жол берип коюшту. Аттиң! Бюджет негизинен аткарылды. Президент Садыр Жапаров өткөн жылдагы саясий курч абалдардан тынч чыга алды. Чет өлкөлөр менен байланыштарды жандандырды. БУУнун деңгээлинде бир нече демилгелерди сунуштады. Эми жаңы, 2022-жылда өлкөнүн экономикасын көтөрүү милдеттери гана турат. Президентке ийгилик каалап, активдүү кол кабыш кылуубуз керек!

Жазгүл КАРБОСОВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!