Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болду. Буга чейин долбоор Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагында эле. Эми 10 күндүн ичинде ИИМге “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын өткөрүп берет.