Финансы министрлиги 2024-жылдын январь-июнь айларында «Коопсуз шаар» долбоорунан мамлекеттик бюджетке 422 млн 744,7 миң сом же 4,9 млн доллар түшкөнүн билдирди. Бул былтыркы алгачкы жарым жылдыктагы көрсөткүчтөн 252,6 млн сомго көп.
“Быйылкы алты айда «Коопсуз шаар» долбоорунун айыппул туумдары жана каржылык санкциясынын суммасы 15,7 млн сомго чыкты”,- делет министрликтин маалыматында.
Комментарий калтыруу