"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Коопсуздук кеңештеринин катчылары жолугушту

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов төрагалык кылды.

Бекболотов өз сөзүндө аймактагы тынчтык менен коопсуздукту камсыз кылуу үчүн коркунучтарды алдын ала билип, чогуу аракет көрүү зарылдыгын белгиледи.

«Заманбап дүйнөдө тышкы коркунучтар оңой эле ички көйгөйлөргө айланып, локалдык кризистер тез арада аймактык кризистерге өтүп кетүүгө жөндөмдүү болгондуктан, алдын ала аракеттенүүгө даяр болуу жана диалог куруу негизги мааниге ээ», — деди Бактыбек Бекболотов.